www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз ишин сүйө билген өжөр жана эмгекчил Жанара Мусаева. Ооба, жаз жана аялзаты ажырагыс биримдик. Ал эми жашоодо аялзатынын орду бийик, баасы артык. Өзгөчө милиция кызматында иштеген айымдарга эң жогорку баа берсе болот. Айымдарга арналган майрамбы, же башка майрамдардабы дайыма күчөтүлгөн тартипте иштеп келишет. Эс алып жаткан элдин коопсуздугун сактап, дайыма кызматта болушат. Азыркы сөзүбүз да, өзүнүн жумушун сүйө билген, дайыма алдындагы максатына жетиш үчүн талыкпай, өжөрлүк менен эмгектенип келген Бишкек ШИИББдин Свердлов РИИБдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы, Юридика илимдеринин кандидаты, милициянын майору Мусаеева Жанара Төлөгөновна жөнүндө болмокчу.

Маектешимде милиция кызматкери болуу сезими 9-класста башталган. Өзү спортко жакын болгондуктан, баскетбол оюнуна катышып, мектеп арасындагы мелдештерде командасы менен биргеликте көптөгөн ийгиликтерди жаратып, республикалык мелдештерге чейин катышып келген. Жанара мектепте жакшы окуп, жетишкендиги боюнча дайыма биринчи турган. Окуучулук күндөр баарыбыздын башыбыздан өтсө керек, ата-эненин жана мугалимдердин сөзүн укпай тентектик кылып, оюнга азгырылганыбыз. Жанара дагы жакшы окуганына карабай тентектик жагында да биринчи турчу, ошонун айынын бир эки жолу РИИБге да чакыртылган.

Мындан улам каарманыбыз РИИБге барганда ЖӨИИ кызматында иштеген бир эжени байкап, анын кийип жүргөн формасына жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканына суктанып, ичинен «Мен да мектепти бүткөндө ушу эжедей болуп милиция кызматкери болом» - деп кыялданган. Мектепти бүткөнгө чейин өжөрлүгүн карматып, ата-энесинин «Милиция кызматкери болбойсуң!» дегенине карабай өз сөзүнөн кайткан эмес. 11-классты аяктап, көптөн күткөн 25-май да келип калган. Жанара ата-энесинен суранып, «Акыркы коўгуроого кийим алам» деп Бишкекке келет.

Шаарга келгенден кийин, жанындагы акчага кийим албастан, ата-энесине да билгизбестен Аскердик дарыгердик комиссиясынан өтөт. Ага улай, ИИМ Академиясына барып, окууга тапшырганга эмне документтер керек экенин билип, айылына кетет. Айылына баргандан кийин РИИБдин кадр башчысына барат. Ал жердин кадр башчысы Жанаранын атасын тааныгандыктан «Үйдөгүлөргө билгизбеңиз» деп суранып, жолдомо алат.

Мектептеги окуусун кызыл аттестат менен бүтүп, Бишкектеги беш жогорку окуу жайларга экзаменсиз өтүп кеткенге шарт түзүлөт. Бирок ошого карабай Жанара милиция кызматкери болуу кыялын орундатыш үчүн Академияга келип тапшырып, өтүп кетет. Академияга өтүп кеткенден кийин гана Жанара ата-энесине айтат.

Бирок Жанаранын атасы ишенген эмес «Өзүң жаш болсоң эч кимдин жардамы жок, кантип эле ушундай окуу жайга өтүп кетесиң?» - дейт. Качан гана ата-энеси шаарга келип өз көздөрү менен Жанаранын академияга өтүп кеткендигин көргөндөн кийин, таңкалышып кызы менен сыймыктанышкан.

2005-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында окуп баштаган.

2010-жылы аталган окуу жайды кызыл диплом менен аяктайт. Эң биринчи ишин Ленин РИИБдин босогосун аттап, тергөө кызматынан баштаган. Өзүнүн милиция кызматындагы он жылдагы иш тажрыйбасында ШМБнын тергөө боюнча бөлүм башчысынан РИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басарына чейинки кызматтарды аркалап келген. Андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында тергөө кызматынын ага тергөөчүсү болуп дайындалган. Бир жылдан бери азыркы кызматында иштеп келет.

Милиция кызматын сүйө билип, өжөрлүк, тырышчаактыгын дагы бир жолу аныктап Юридикалык илимдердин кандидаты болгонго жетишкен.

Жанара айым «Жаңы түзүлгөн Жоруктар жөнүндө иштер боюнча кызматтын жетишкендиги жана көйгөйлөрү жөнүндө айта кетсеңиз?» - деген сурообузга каарманыбыз мындай деди.

«Баардык нерсенин эки жагы болот эмеспи, ак-кара дегендей. Азыркы иштеп жаткан кызматыбыз жаңы мыйзамдын негизинде иш алып барабыз. Мурун кылмыш кодекси болсо азыр кылмыш жаза кодекси жана жоруктар жөнүндө кодекс болуп экиге бөлүнүп келет. Бул кызматтын иш алып баруусу жазылган кылмыш аракеттердин оордугуна карата жана келтирилген материалдык чыгымдын суммасына жараша. Жоруктар кызматы он миң сомго чейинки келтирилген кылмыштарды алып барабыз, айтылган суммадан ашып кеткендери бардык беренелер боюнча кылмыш жаза кодексине кирип калат. Жаңы кабыл алынган мыйзамда тартип бузган жарандарга өтө эле жеңилдик болуп калды десем жаңылышпайм го. Анткени жоруктар менен катталган жарандар сот тарабынан айып пул менен гана чектелип, бирдиктүү реестрине катталып, ал жарандын соттолгондугу жөнүндө маалымат болбойт. Ал эми көйгөй жагын айта кете турган болсок, жоруктар менен катталган жарандарды мурдагыдай тартипке салуу жазасын бере албаганыбыз болуп жатат. Азыркы учурдун көйгөйү болуп жаткан зордук-зомбулукту алсак, мисалы бир үй-бүлөөдө күйөөсү аялын же балдарын сабап жаткан учурлар көп кездешет. Аялы арыз менен кайрылган күндө дагы күйөөсүн жок дегенде суткалап камап койгонго жаңы мыйзам боюнча туура келбей жатат. Кармаган кишибизди каттап, сотко чакыртма берип коё беребиз, ал жаран ызасы менен барып арыз жазган аялын кайра эле сабап коюп жатат. Жаңы мыйзамдар менен практикалык түрдө жана окуу иретинде колдон келишинче үйрөнүп жатабыз, окууга эч качан кеч болбойт.

Азыркы убакта деле мен кыйын билип кеттим дегенден алысмын, мен жаңы жумушка кирген учурда жакшы тажырыйбалуу кызматкерлерден акыл насаат алып келгенбиз. Азыр ал кишилердин көпчүлүгү ардагер болуп калышкан, азыркы убакта дагы аларга телефон аркылуу байланышып, керектүү жерден жумушубузга карата акыл кеңешибизди сурап турабыз». Ооба «Аракетке берекет» дегендей атайын тандап алгандан кийин өзүнүн ишинин жеңил же ооруна карабай иштеп келсе жакшы жагынан натыйжа чыгат эмеспи. Деги эле милиция кызматында анча мынчаларга караганда кыз киши болсо дагы тыкылдап өз ишине тың болуп жүргөн Жанарадай кыздарыбыздын жеке турмушу жөнүндө дагы биле кетпесек болбос. «Негизи эле милициянын ишинде убакыт саат жок эмеспи, турмушка чыга элек кезимде үй эмне экенин деле билчү эмесмин. Үйгө кийим которгону эле барбасам, жумушта эле күнү-түнү иштеп жүрчүбүз. Кийин турмушка чыгып, декретке чыккандан кийин үйдө болуп баштадым. Азыр үч баланын апасымын, бир уулум анан кудайдын буйругу менен эгиз кыздуу болгонбуз. Жолдошум дагы милиция кызматкери, менин жумушумду түшүнөт. Бирок, баары бир жашоо экен да, менин жумушума байланышкан үй-бүлөлүк уруштар болуп турат. Мен милиция кызматкери болгондуктан үйгө көпчүлүк учурларда кеч барганга туура келип калат. Бул жагын да түшүнүп кетем, үйдө балдарга көңүл буруу жагы аз болуп калгандай. Үйдөгүлөр «Болду жумушуңду таштабайсыңбы»- деп калышат.

Мен болсо баягы өжөрлүгүмдү карматып иштейм деп, иштеп келе жатам. Бул да болсо жумушумду сүйгөндүгүм болсо керек. Үй-бүлөлүк себептер менен кетип калып, башка бир окуу жайга барып тынчыраак деп, сабак берсем деле болмок. Негизи эле өзүнүн жеке жашоосун экинчи орунга коюп, жаңы эле иштеп келген жаштарга жан тартып, жумуш дегенде жеп жаткан ашын жерге коё калган адамдар бар экенин билгенде жүрөгүң жылый түшөт эмеспи.

Биздин кыргыз милициясында Жанарадай болгон кызматкерлерибиз көп болсо, милициянын кадыр баркы эч качан төмөн болбойт деген ойдобуз.

Данислан Асамидинов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости