www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта Баткен обулусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында «Баткен шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорун иш жүзүнө ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын көмөгү менен аткарылып жаткандыгы белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев бардык зарыл болгон курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын август айында бүткөрүлөөрүн маалымдады.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында «Таза суу» муниципалдык ишканасынын жаңы имараты курулуп, керектүү техникалар менен жабдуулар алынган, жаңы канализациялык тутумдардын курулушу аяктоо алдында турат.
Бүгүнкү күндө Баткен шаары таза суу менен 60%га камсыздалды. Долбоордун жыйынтыгында шаардын таза суу менен камсыздалышы 98%га жогорулайт.
Мамлекет башчысы 2024-жылдын соңуна чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыздоо маселеси этап-этабы менен чечилерине ишендирип өттү.
Эске салсак, акыркы жылдарда өлкөдөгү 107 айыл таза суу менен камсыздалган. Каржылоо булагы, анын ичинде эл аралык каржы институттарынын эсебинен каржылоо аныкталган 588 айылдын тизмеси түзүлгөн. 2024-жылга чейин 715 айылдагы ичүүчү таза суу менен жабдуу тутумдарынын курулушун бүткөрүү, колдонулуп жаткан инфратүзүмдү жаңылоо зарыл. Калкты таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырууга ар жылы республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт жана бул тармакты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн инвестиция тартуу багытында жигердүү иштер жүргүзүлүп келет.
Булак: NazarNews.kg