www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия миграция саясатын жөнөкөйлөштүрөт

Орусия президенти Владимир Путин өткөн аптадагы өкмөттүн жыйынында өлкөдө убактылуу жашап туруу эрежесин жокко чыгарып, Орусияда жашоо укугун негизги статус катары бекитүүнү сунуштады. Эгер бул демилге колдоо тапса чет өлкөлүктөр жарандык алууга талапкер боло алышат. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" билдирди. 

Учурда орус жарандыгын алууну каалагандар алгач өлкөдө убактылуу жашап турууга арыз тапшырып, анан үч жылдан кийин гана бир жерде жашоо укугуна талапкер боло алышат. Туруктуу жашоого уруксат алгандан кийин гана жарандык үчүн документ тапшырууга мүмкүн.

Москвада он жылдан бери таксист болуп иштеп жаткан 30 жаштагы Даврон Ходжибоев бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алды.

“Орусия жарандыгын алуу өтө татаал. Он жылдан бери иштеп жүрөм, миграциянын бардык азабын көрдүм. Эгер убактылуу жашап туруу демилгеси жокко чыгарылса, мен жарандык алып, бул жакка үй-бүлөмдү алып келем. Качанкыга чейин эки башка жашайбыз?”, – деди ал.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргогон Каримжон Ёров бул өлкөдөгү тажикстандыктардын 80% туруктуу жашоо укугуна ээ болууга аракет жасай турганын билдирди. Себеби бул аларды депортациядан жана ай сайын патент үчүн акча төлөөдөн сактайт. 2019-жылы тажик мигранттары мекенине 2 миллиард 700 миң доллар жөнөтүшкөн. Эл аралык уюмдардын эсебинде Тажикстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлө мигранттар которгон акча менен жашашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости