www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында сот тармагы боюнча көтөрүлгөн маселелер тууралуу депутат Жанар Акаев коопсуздук кеңешине нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, коомчулук сотторго ишенбейт.
“Сот тармагына каражат былтыркы жылга салыштырмалуу 35%га көп бөлүнгөн. Муну президент өзү дагы айтты. Тартип комиссиясынын жетекчиси дагы олтурат бул жерде, негедир эл, коом сот тармагында адилеттүүлүк орноп баштаганын сезе элек. Саясий эркти беребиз деди, акчаны беребиз деди. Бирок сот тармагында жылыш жок. Президент коопсуздук кеңешине “Алмаматов дегенди кантип бошотуп ийдиңер, ошондой соттор бизде кантип иштеп жүрөт” деп абдан таң калып айтты. Силер президенттин сөзүн чымын чаккандай дагы көргөн жоксуңар”,-деди Акаев.
Булак: NazarNews.kg