www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын сырткы карызынын көбү жол тармагына жумшалары талашсыз. Акча көп болгондуктанбы же башка себеби барбы, анысын биле албадык. Бирок, Жолдор жана транспорт министрлигине келген жетекчилер кол жоолуктай эле алмашып жатат. Себеби, эгемендүүлүк алгандан бери эң көп министр ушул тармакта алмашты. Жетекчилериби, орун басарлары ушунча сугалакпы?
Бири кытай компаниясынын жолтандабасын минип алса, бири Балыкчы-Корумду жолунан сугуна коюп, бирин президент орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалгандан кийин, "чык эшике" деп иштен кетирди эле. Андан кийин кой оозунан чөп албаган, кыргызча такалып, какалып сүйлөгөн Жанат Бейшенов дайындалган. Бунусунун деле ишинин четин көрбөдүк.
Эми болсо дагы бир орун басары Жеңишбек Ногойбаев жана агенттиктин башчысы Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине 10 миң доллар өлчөмдө пара берип жатып колго түшүштү. Президент Сооронбай Жээнбековдун кол алдындагылар пара менен кармалса, же оор кылмыштарга барса жетекчиси жоопкерчилик алып кызматтан кетиши керектигин айтканы эсибизде. Ошону эске алсак Бейшеновдун ордунда олтуруута моралдык укугу жок. Же эмне ажонун "чык эшикесин" күтүп атабы?
Булак: "Факты.kg"