www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин дарегине сөз жок туура келе турган сөз айтты. Ал: “Кыргызстанда мыйзамдар туура, так иштегенде, Сиз №1-рецидивисит болмоксуз. Сиз абдан акылдуу, сак, куу кишисиз. Сиз кай жерге барбаңыз артыңыздан чуу калат.

Иштеген жериңиздин баары ызы-чуу. Менде да материалдар бар, прокурат у р а га берем. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген кеп бар. Сизге ийгилик каалайм” - деп бетине айтты. Чындап келгенде буга чейин атка минерлерден Сатыбалдиевдин бетине мындай ачуу сынды эч ким айта элек болчу.

Сатыбалдиев ЖЭБдеги коррупция боюнча эң башкы фигуранын бири экенин Эштекбайдын баласы деле билип калды. Бирок ага карабай эле, Жантөрө мырза жандалбастап, актануу менен алек. Канча актанса, ошончо актансын. Бирок сөзсүз түрдө жазаланышы зарыл. Эгер ал бул жолу да суу дан кургак чыгып кетсе, анда Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштү жөн гана шоу деп койсо болот.

Багыт.кж

Последние новости