www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы бийлик эскилердин жетегинде калдыбы?

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келгенден баштап Кыргызстандын көйгөйлүү маселелери чечиле баштады. 30 жылдан бери оор абалда калып, чачырап жок болуп бараткан кыргыз мамлекетин калыбына келтирүү иштерине ар бир кыргыз жардам бериши керек.

Мурдагы президенттер өз көмөчүнө күл тартып, бийлик-байлык, акчага жутунуп жатышып, кыргыз мамлекетин жок болуу абалына алып келишти. Бүгүнкү геосаясый кырдаал курчуп турганда Кыргызстанга көз арткандар толтура. Жада калса өзү менен өзү согушуп, саясый-экономикалык абалы нөлгө түшүп, баардык көрсөткүчтөр боюнча мамлекеттерден артта калган Тажикстан Кыргызстанга караганда өйдөсүнүп, коркпой-үркпөй согуш баштады го?

Анткени, коррупция менен мафия “гүлдөп”, үй-бүлөлүк-кландык коррупциялык режим өзүнүн келесоолугун көрсөтүп турса, кошуна жайгашкан тажиктер пайдалангылары келишти да. Ашып кетсе беш сааттын ичинде Бишкекке чейин кирип келишип, талкалап-өрттөп кетишсе, коррупциялык жолдор менен чогулган байлыктардын баары жок болмокпу?

Бирок Кудай бар экен, Россия президенти В.В.Путин “жөн жашагыла!” дегенде тыйылып калышты. АКШ баш болгон капиталисттердин идеологиялык согушуна туш болгон кыргыздар “майыпка” айланышып, аң-сезими 180 градуска тескери бурулуп калды. Улуттук баалуулуктар унутулуп, тилин чайнап англисче сүйлөгөн улан-кыздарыбыз чет өлкөлөргө чачырап кетишкен.

Кыргызстандын эң биринчи байлыгы болгон кыргыз эли саясыйэкономикалык кризистин айынан туш-тушка чачырап, жер шарынын баардык жерлеринде жүрүшөт. Бейиштин төрүндөй болгон кыргыз жери миллиондоп тентиген кыргыздарга буюрбай, чет өлкөлөрдөн агылып келип жаткан шылуундарга буюрганы байкалууда. Алтындан баштап суусуна чейин пайдаланган чет элдиктер (Кытай, Канада, Түркия, АКШ, Араб өлкөлөрү жана башкалар) кыргыз элин кул катары иштетип алышкан.

Кыргыз президенттерин, жогорку даражалуу чиновниктерин, депутаттарын маңкурттар катары санашып, кадимки маймылдарга теңеп коюшкан. Анткени кыргыз бийлигин алдап койсо болот, сатып алса болот, а эгер коркутуп койсо, алардан өткөн коён жүрөктөр жок. Чынында эле, “үйдө баатыр, жоодо жок” болуп калган кыргыз бийлиги өз мамлекетине, элине каршы кыянаттык иштерин 30 жылдан бери улантып келатышат. Айдалып чыккан эски бийликтин жетегинде келаткан жаңы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү кадимки эле “показательный бойго” айланды.

Эски бийлик башын ийкеп койсо, коррупционер жүздөн бир бөлүгүн кусуп берет экен да, тергөө менен “иштеше” коюп кутулушат тура. А эгер эски бийлик башын чайкап койсо, алардын айланасындагы коррупционерлерине таптакыр тийүүгө болбойт.

Кыргызстан коррупциялык жана мафиялык өлкө болгондуктан, эски бийлик менен жаңы бийлик бири-бирине сый-урмат мамиле кылышып, ээрчише басып, шаан-шөкөттөргө катышып, каадаланып калышкан. Былыктары былгып жатса да көөдөндөрү көктө. Кыргыз мамлекетин жок болуу чегине жеткирген экс-президенттердин кол тийбестигин алып, жоопко тартуу талабын коюп жаткан кыргыз коомчулугу 60 миң кол чогултуптур.

Анткени бирин-бири бекем колдогон коррупция менен мафиядан кыргыз эли тажап бүтүшкөн. 3-элдик революциядан кийин эски бийлик менен жаңы бийликтин жашыруун тандеми түзүлүп, тазалануу процесси ишке ашпай калды. Кыргыз-тажик чырынан кийин түзүлгөн келишимдер кыргыз тарапка пайдасынан зыяны көп экени айтылууда.

Булак: Азия News гезити

Последние новости