www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-мартта Fresenius Medical Care Kyrgyzstan аттуу компаниянын ачылышы болот. Бул кеңсе Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына курула турган төрт жаңы диализдик борбордун курулушун баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстанда жасалма бөйрөк жабдууларын иштетүү мамлекеттик-менчик кызматташтык системасына өткөн. Мамлекеттик ооруканаларда диализ жабдыктары тартыш жана эски болгондуктан гемодиализге муктаждар менчик жайлардан тейленип, акысын мамлекет төлөп берүүдө.

2017-жылы бул багытта өкмөт тендер жарыялап, германиялык Fresenius Medical Care компаниясы жеңген. Гемодиализ боюнча бул долбоор өлкөнүн саламаттык тармагындагы мамлекеттик жана менчик биргелешкен биринчи кызматташтыгы болмокчу. Анын негизинде бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандардын 75 пайызы заманбап гемодиализ менен камсыз болушат. Азыр миңден ашуун адам мамлекеттик акысыз гемодиализде кезек күтүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости