www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаров алгачкы президенттик жарлыктары кризистик жагдайдан чыгууга жана экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталарын билдирди.

Жапаров өлкөнүн отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызды толук төлөө милдети анын багына — президенттиги башталган мезгилге туш келгенин айткан.

--"Ал ортодо коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 миллард доллар) карызы бар экен. Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолору айкын. Ошондуктан алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат", — деген мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, президенттин ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өттү. Иш-чарага мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, экс-премьер-министрлер, маданият өкүлдөрү келгенин түз эфирден көрсөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости