www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаровдун негизги милдети мигранттарды Кыргызстанга кайтаруу

Садыр Жапаров президенттик кызматына киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө чет жакта иштеп жүргөн мекендештерди кайтаруу негизги милдети болорун айтты.

Ал чыдамдуулук дагы чегине жеткендиктен, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы бийликти биротоло кетирүүгө алып келгени мыйзам ченемдүү көрүнүшү болгонун белгиледи.

--"Миңдеген мекендештерим жакырчылыктын сазынан чыга албай, элимдин туш тарапка чачылып кеткени кабыргамды кайыштырат, жанымды кашайтат. Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, аруу мүдөөсү узурпация болбойт. Эл-журтумдун ошондогу аруу мүдөөсүн жүзөгө ашырууну көздөө менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги максаты болмокчу. Күн-түн дебей, бел чечпей иштеп Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтерин, Жогорку Нарын каскадын тез арада ишке киргизүү, жумуш орундарын түзүү менен миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүү президент катары милдетим деп эсептейм", — деди Жапаров.

Ошондой эле жаңы президент чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган Долон бий, Бирназар бийден калган осуяттарды урматтоо маанилүү озуйпасы болорун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости