www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылдын алдында Британиянын Ливерпуль шаарында көп кабаттуу унаа коюучу жайдан өрт чыгып, анда токтотулган 1400 автоунаа кошо күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону токтото алышкан эмес. Жалпы 20га чукул атайын өрт өчүрүүчү топ, окуя болгон жерге тартылып, өрттү жакын жайгашкан имараттарга өтүп кетишинен алдын алышкан. Өрт чыккан жай күлүк аттардын көргөзмөсү өтө турган концерттик көңүл ачуучу комплекске жанаша жайгашкан. Ал жай 1600 автоунаага ылайыкташып, жалын каптаган учурда ал жерде 1400 унаа болгон.

Ливерпуль шаарынын мэри Жо Андерсон өрттөн адамдардан же жанаша комплекстеги жаныбарлардан эч бири жабыркабаганын социалдык баракчасына жазган. Укук коргоо органдары бардык күйгөн унаалардын жарактан чыкканын жарыялап, унаа ээлерине камсыздандыруу компаниясына кайрылууну кеңеш берүүдө.

Күчтүү жалын менен коюу түтүндөн полиция окуя болгон жерде жакын жайгашкан жарандарды убактылуу көчүрүүгө мажбур болгон.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости