www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагында Жаңы 2018-жылга караган түнү 309 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул маалыматты АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Алардын ичинен 141 ымыркай — уул, 168 ымыркай — кыз.
Азырынча такталган маалыматтар боюнча:
- Ош облусунда 80;
- Бишкек шаарында 58 (27 уул, 31 кыз);
- Жалал-Абад облусунда 47 бала төрөлгөн. Алардын ичинен 24 эне операция жолу менен көз жарды.
Бишкек шаардык перинаталдык борбордо эгиздер төрөлгөн. Перинаталдык борбордун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Жамиля Марипованын айтымында, учурда эгиздердин жана апасынын абалы жакшы. Алар операция жолу менен жарыкка келди.
35 жумалык ымыркайлардын бири уул болсо (салмагы – 2 750 грамм, бою – 48 см), экинчиси кыз (салмагы – 2 390 грамм, бою – 48 см).
Булак:turmush.kg

Последние новости