www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов атасынын жолун жолдоп чыгармачылыкта алып баруучу, тамада катары тааныла алды. Мына ушул талант жакында үй-бүлө куруп чоң той берди. Тойдон кийин эле Манастын апасы, Жаныбек Алыкуловдун өмүрлүк жары Азиза айымды маекке чакырдык.

– Азиза айым, келиниңиз кут болсун! Уул үйлөп толкунданып турган учуруңуз болсо керек?

– Келин алып, башыбызга баш кошулуп кубанычта турабыз. Баланын жакшылыгы болгондо, албетте, энеде толкундануу болот эмеспи, мен да кубанып, толкунданып турам. Манас тойдун баарын көтөрүп «Алтын казына» ресторанына берди. Келген коноктор тойдун жакшы өткөнүн айтып мактап жатышат. Андан кийин куда тосмой, конок тосмой болуп той азыркыга чейин уланып атат.

– Келинчекти Манас өзү таптыбы же сиз кийлигиштиңизби?

– Баламдын өзүнүн каалоосу, өзүнүн тандоосу болду. Мен алардын сүйлөшүп жүрүшкөндөрүн билгениме үч ай болгон. Уулума жактыбы, мага да жагат. Келиним өзүбүздүн Токтогулдун кызы болот.

– Манастан улуу уулуңуздар да үйлөнгөн беле?

– Ооба, Манастан улуу балам 2015-жылы үйлөнүп, учурда бир кыздуу болуп калды. Бул биздин экинчи жакшылыгыбыз болду. Тилекке каршы, Жаныбек бул жакшы күндөрдү көрбөй эрте кете берди. Анын орду тоодой эле, жалгызсырап: «Жаныбек болгондо...» - деп өкүнгөндөн башка аргам жок. Тирүү болгондо азыр куда күтүп бапырап олтурбайт беле. Тойдо “Жар-жар” айтылып Манас менен келиним кирип келе жатканда, өзүмдү кармайын деп аракет кылганыма карабай ыйлап жибердим. Мен Жаныбекти азыркыга чейин унута албайм, аны эстебеген бир да күнүм болбойт. Балдарымдын ар бир жакшылыгын көргөн сайын чогуу көрсөк болбойт беле деп ыйлайм. Жаңы каза болгон жылдары күн сайын түшүмө кирет эле, андан улам аркасынан кетет окшойм деген ойлор келе берчү. Бир жыл түшүмө кирип, куран окуп жүрдүм, азыр аз кирет.

– Экөөңүздөр чогуу ырдап калчу элеңиздер, учурда ырдайсызбы?

– Мен негизи ырды мурда эле таштагам. Бирок Жаныбек экөөбүз чогуу жүргөн кезде ырдап койчумун. Учурда жакын санаалаштардын арасында эле ырдап калбасам, ырдабайм.

– Манас атасынын жолун улантып азыркы учурда элге кеңири таанылып калды. Жаныбек агай даярдап коюп кетти окшойт? Дегеним, дайыма жанында ээрчитип жүрчү эле…

– Ооба, Жаныбек Манасты дайыма жанында ала жүрчү. Тойлорду алып барып чарчап калганда Манас улантып кетчү. Ошентип жүрүп Манас алып баруучулук, тамадалыкты өздөштүрүп алды. Атасы каза болгондон бери үч жыл өттү, азыр кадимкидей такшалып калды. Бирок атасынын ордун басты деп айта албайм. Анткени Жаныбек куудул, пародист болуп көп кырдуу талант эле. Манас алып баруучу катары эле жүрөт. Эгерде окуп билим ала турган болсо, үнү абдан жакшы. Диапазону бийик болуп опералык үнү бар. Бирок ал жагына анчалык маани бербей жүрөт. Мектепти бүтүргөндөн кийин Искусство университетинде сырттан окуп аткан, азыр алып баруучулукка көп убактысы кетип атат окшойт.

– Балдарыңыздардын арасынан талантыңыздар Манаска көбүрөөк өткөндөй?

– Улуу балабыздын үнү жакшы, бирок ырдабайт. Ал аскер тармагына кеткен, учурда Жаза аткаруу жана күзөтүү мекемесинде иштейт. Ошондой эле футбол оюнчусу, Кара-Балтанын клубунда ойнойт. Манас болсо 5-6-классынан баштап эле биз менен жүрө берчү. 6-классында аппаратура алып берип койсок, мектепте дискотекаларды уюштуруп, биздин концерттерде аппарат коюп жүрүп чыгармачылыкка кирип кетти. Кичүү уулубуз Гүлжигиттин кыял-жоругу таптакыр башкача, ал токтоо бала. Учурда Анталияда спорт академиясында окуп атат. Өзү жаштар арасындагы “Дордой” курама командасынын оюнчусу, Анталияда да ойной берет, эгер бул жакта мелдеш болсо келип, булар менен да ойной берет. Мен жайында баламдын жанында үч ай жүрүп бардык шарттарын көрүп келдим, жакшы экен. Балам футболду чындыгында жакшы ойнойт, өссүн деп атабыз.

– Атасы балдарына эмне таштап кетти?

– Жаныбек негизи байлык дегенге умтулбаган, жөнөкөй киши болгон. Балдарына татыктуу тарбия берип кетти деп айта алам. Атасынын үмүтүн актоочу балдарым бар, Кудайга шүгүр кылам. Бул кабат үйүбүз салынып жаткан учурда Жаныбек каза болуп калды эле, үй эми бүттү. Ак эмгеги менен салып жаткан ушул үйгө жашап, рахатын көрбөй калганы да чоң өкүнүч болуп калды. Тагдыр экен, өмүрүн ушундай деп жазган турбайбы. Болбосо өзүн жакшы карачу. Кант диабети оорусу менен ооруп келген. Бирок канын күн сайын өлчөп турчу, дарыларынын баарын жатка билчү.

– Канча жыл чогуу жашап калдыңыздар?

– Биз 25 жыл чогуу жашадык. Бирок ошол 25 жыл мен үчүн Жаныбек каза болгондон кийин 25 эле күндөй болуп калды. Кудайга шүгүр, экөөбүз жакшы жашадык, Жаныбекти эл сыйлайт эле, кайда барбайлы сыйдын үстүндө жүрдүк. Айрымдар “бизде казан-аяк кагышпайт” деп калышат го, бизде өйдө-төмөндөр болду, бирок ошолор да кийин көзгө жакшы көрүнүп калат экен. Атасын жоготуу балдарга да оор болгон. Улуу балам Жанар боорукер, жүрөгү жумшак бала, азыркыга чейин атасын эстеп ыйлай берет. Атасын тартып жашык. Манас да тойлордон келип: «Мен келгенде атам күтүп турчу эле, тирүү болгондо кеңешин айтат эле», - деп атасын эстеп ыйлап жүрдү. Кичүү балам кичине болгонгобу көп сыр бербейт, өзү да баарын ичине катат.

– Чыгармачыл адамдардын жубайы болуш кыйын дешет, Манастын келинчегин аяп жатасызбы?

– Манастын келинчегине чыгармачыл адамдар кандай болорун айтып: «Булар кеч келет, тойлордон бир кыз келип өөп коюшу да мүмкүн, туура түшүн», - деп атам. Учурунда Жаныбекке кыздардан каттар укмуш көп келчү, үйдө азыркыга чейин бар болушу керек эле. Мен концерттерде ырдап Жаныбек менен көп убакта чогуу жүрдүм. Андыктан мен үчүн чыгармачыл адамдын жубайы болуу жеңил болду.

– Агайдын кылам деп аткара албай кеткен өкүнүчү болдубу?

– Мен да ушул нерсеге өкүнөм. Жакеме баары эле: «Сен Петросянга барышың керек», - дей беришер эле. Андыктан Жаныбек да көңүлдөнүп: “Ошол жакка барам”, - деп аракет кыла баштаган. Тилекке каршы, ал ою ишке ашпай калды. Учурунда адам деген баалуу нерселерге маани бербейт экен да. Дегеним, Жаныбектин мурдагы «Мыскыл жана тамаша» берүүлөрүндөгү архивдери бизде сакталбай калды. Мен болгонун чогултуп жүрөм, бирок ошолор да болгондо деп арман кылам. Ал учурда азыркыдай интернет деген болсо эмне. Каза болгондон кийин 55 жашына арнап куудулдар арасында сынак өткөргөм, эми буюрса, 60 жылдыгында китебин чыгарам деп турам.

– Наам албай кетти окшойт…

– Жаныбек эч кандай наамы жок кетти. Азыр сыйлыктар аябай берилит атат го, аларды көрүп Жаныбек тирүү болгондо наам алып калмак экен деп калам. Өзү наамга деле кызыкчу эмес, кол шилтеп эле койчу. Ага чыгармачылыгы болсо эле болду эле.

Булак:soonun.net

Последние новости