www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уролог-андролог, Жаныбек Мамбетов: “Эркектердин тукумсуздук дарты күч алды”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.

- Азыр урологияда эркектер арасында эң көп кездешкен оорулар кайсылар, токтолсоңуз?

- Балдарды 18 жашынан тартып жетилген курак катары айтабыз. Ошол жаштан тартып эле простатит деген оору көп кездешет. Андан кийинкиси эркектин алсыздыгы, анан тукумсуздук. Ушул үч дарт азыркы учурда эң көп кездешкен дарттарга кирет. 50-60 жаштан тартып эркек безинин аденомасы башталат. Бул без табарсык менен канал кошулган жерде болот. Без чоңоюп, кысып, заарасы начар чыгууга, түнкүсүн тез-тез даарат кылууга алып келет. Улам өрчүгөндө, канал бүтөлүп калганда заарасы токтоп калат. Андан да жаманы – рак оорулары көп кездешип жүрөт. Жаш улгайган сайын эркектин алсыздыгы да башталат. Андан тышкары, урологиялык көптөгөн түрдуү оорулар бар.

Таш оорулары, бөйрөккө, табарсыкка суук тийгени, табарсыкка таш пайда болгону, залалсыз, залалдуу шишиктер, заара кетчү каналдын ичкерип кетиши, дагы башка түрдүү ооруларды белгилей кетсек болот. Булардын ар бирин туура дарылоо ыкмасы бар. Мисалы, простатитти комплекстүү түрдө дарылоо шарт. Анын да түрлөрү бар. Антибиотик ичип коюп жүрө берүү туура эмес.

Анын түрүнө жараша, категорияларына жараша дарылоо керек. Ошого жараша дарылап, иммунитетин көтөрүп, кан айлануусун жакшыртып, физопроцедураларын ыкмалары менен туура колдонуп, комплекстүү дарыланса, натыйжа жакшы болот. Кайдыгер карап, убактылуу ооруну басып, антибиотик ичип жүрө берсе, дарт улам күчөй берет. Ал эми улгайган курактагы аденоманы бычак менен кеспей эле, лазер же башка ыкмаларды колдонобуз, жыйынтыгы жаман эмес. Эки-үч күндө эле басып, жакшы болуп кетет. Азыркы учурда улам жаңы ыкмалар чыгып жатат. Дарт менен кыйналып жүрө бербей, кайрылышса болот.

- Жигиттер жапжаш курагында эле тукумсуздукка, алсыздыкка чалдыкканы кейиштүү экен…

- Жигиттер студент болду, окууну бүттү, анан үйлөнүп бала-чака күткөндө, маселе башталат. Мындай курактагыларда суук тийген оорулар көп кездешет. Бул учурда өнөкөт простатит да күчөп, тукумсуздукка алып келет. Көпчүлүк эркектер дарыгерге кайрылгандан уялышат. Айрымдарын аялдары жетелеп келет.

Эркектин тукумсуздугу, эркектин алсыздыгы - үй-бүлөлүк чатакка айланат. Ажырашууга алып барат. Мындай өтүшүп кеткен ооруларды дарылоо биз үчүн деле, бейтап үчүн деле кыйыныраак болуп калат. Ал анан ар кайсы дарыгерге кайрылат. Көзү ачыктарга барат. Жарнактардан чыккан дарынын баарын ичип бүтүп, анан бизге кайрылышат. Оорунун көбөйүшүнө экологиянын бузулушу, адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген азыктардын көбөйүшү себепкер.

- Статистикалык маалыматка таянсак, өткөн жылы 11 адам жыныс органдарын алмаштырган экен. Сиз дагы операция жасаган учурлар болобу?

- Бизде жыныс алмаштыруу жагы кездешип калып жатат. Көпчүлүк эркектер жыныс органдарына каршы болот. Булар аялзат кылып берүүнү суранышат. Менин практикамда болгон, бирок аз санда. Бул жерде юридикалык жагын караш керек. Динибиз жактан да туура келбейт. Бирок, укук талаасын талашып жүрүшөт. Мындан сырткары да түрдүү өтүнүч менен кайрылып калышат. Аларга да операция жасап калабыз.

Мүчөсүнө канааттанбай, “көлөмү кичинекей” деген сыяктуу нерселер менен кайрылгандар бар. Биз аларга жардам беребиз. Жасаганга болобу-болбойбу, тыкыр текшерүүдөн өткөрөбүз. Ыкмаларды колдонуп, жакшы натыйжалар жаралат. Урологиянын мүмкүнчүлүгү улам көбөйүп баратат.

Баарына жетишпей, үлгүрбөй турган заман келди. Мисалы, Казакстан, Россия, Түркия ж.б. өлкөлөрдө урология боюнча мүмкүнчүлүк абдан эле өнүктү. Бул өлкөлөр өтө эле жетишкен. Биз дагы аракет кылып жатабыз, жыйынтыктар бар. Адистер ары-бери чыгып окушу керек. Билим алып, аны өз өлкөбүздө колдонуу – заман талабы болуп турат, деген Жаныбек Мамбетов "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости