www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын башкы прокуратурасы Мухтар Аблязов боюнча жаңы билдирүү жасады. Анда, "Казакстан качкынды колго түшүрүү боюнча иш чараларын улантат. Ал ошону түшүнүп, коркуп жатат. Анын ишинде эч кандай саясий боек жок. Бирок, ал көрүнгөн өлкөдөн саясий башпаанек сурагандыгын токтотподу. Июль айында Нью-Йорктун соту анын көргөзмөлөрүн четке кагып, башпаанек берүүдөн баш тарткан. Андан мурун ушундай эле өтүнүчү менен Лондонго кайрылган. Бирок, адилеттүү сот аны шылуундукка шекшип, 4 миллиард доллар өндүрүп алган. Эми айласы кеткен Аблязов Франциядан саясий башпаанек сурап жүрөт. Аблязов убагында Казакстандан миллиардаган долларларды мыйзамсыз чыгарып кеткен. Ошондуктан Казакстандын башкы прокуратурасы аны колго түшүрүүгө бардык аракетин жумшайт. Ал эми элге кайрыларыбыз, анын калп жана таттуу сөздөрүнө ишенбегиле"-деген билдирүүсүн жарылады бул ирет Казакстандын башкы прокуратурасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости