www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө анын тарапташтарына мал союп берген. Бул тууралуу Сегизбаев бүгүн өзү Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында айтты.

Анын билдиргенине караганда, Сегизбаев Атамбаевди моралдык жактан колдоо үчүн үйүнө барган учурда андагылар “тамак-аштан кыйналып” жатышканын айтышкан. Ошондуктан ал аларга мал союп берген.

Ошону менен катар Сегизбаев аталган комиссия мүчөлөрүнө Атамбаев менен жолуккан күндөрү аны менен саясат тууралуу сүйлөшпөгөнүн, окуя болгон күнү өзү да бутунан жаракат алганын билдирди.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 7-август күнү мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Абдил Сегизбаев өзү айткандай бутуна эмес, чурайына желим ок тийгенин ошол эле күнү айрым маалымат каражаттары жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости