www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министрдин кеңешчиси Арзыбек Бурканов Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Жаныбек Жалаловду жаңы эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу 17-октябрда облустук администрациянын басма соз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Жаныбек Жалалов бул дайындоону чоң жоопкерчилик катары кабыл алып, облустун мындан аркы ар тараптуу өсүп-өнүгүшүнө болгон күчүн жумшаарын билдирди.

“Баткен облусу жөнөкөй аймак эмес, шарты катаал, эки өлкө менен чектешип турганы менен башка облустардан айырмаланып турат. Ошондуктан сиздердин жардамыңыздар менен бир топ иштерди алып барууга ишенем” деди ал.

Жаныбек Жалалов буга чейин Баткен шаарынын мэри, өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болгон. Мындан тышкары Жогорку Кеңеште да иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости