www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алым Токтомушев жок бешинчи жылга кадам таштадык. Ал ким эле кийинки муун билбей калышы мүмкүн, ошол үчүн эскере кетели. Белгилүү калемгер, акындардын алпы Дүйшөн Керимов эскерип кетиптир: «Салижан Жигитов менен Алым Токтомушев  бир эле китеп чыгарып элдин жүрөгүндө калды» -деп. Союз убагында  ар бир сөзгө калем акы же гонорар төлөп турчу. Ошол кезде жазгандарын эч ким окубаган Муса Жангазиев сыяктуу калемгер жылына 2-3 китеп чыгарып чайкалып «Чайка» алып турган. Кыргыз эли эмес ааламга атагы чыккан Чыңгыз агабызды аалам даңазалап турган. Кыстырма, Айтматов  ааламда чыккан китептеринин гонорарына эле өзүнө сеп куруп, Кыргызстанда гана эмес,  бүт союзда «Айтматов» - деген атак күтүп, «духовный отецке» айланмак.

 

Канча өмүр күйүп –өчтү...

Баса, «Духовный отецти» маданияттын меценаты Болот Шерниязов  «Шаа ата» деп которгон. Болот байке Толстой сыяктууларды көрүп, бизде да ушундай адамдар бар болсо керек деп ойлосо керек. Айтматов  Шаа ата боло алдыбы жаштар тыянагын чыгарсын, биз баа бере албай калдык. Анткени анын таланты Шекспир, Байрон, Гете сыяктуу алптардын катарында, муну менен мактанышыбыз керек. Бирок, ким президент болсо эле алдына барып чөгөлөп жүрүп өттү. Өлгөндө да шор менен өлүп калды, Казанга барганда ага айтыптыр жакшы доктур бар,  бирок анча-мынча тыйын ала койот деп, Бирнштейн аркылуу, балдары аркылуу миллиардерге айланган Айтматов  анча-мынча тыйын төлөгүсү келбей бекер дарылай турган Германияга барам деп каза болду.

Дүйшөн Керимовго кайра кайрылалы, байкемдин айтканы туура, анткени союз убагында Алым Токтомушев  да, Салижан Жигитов да бирден гана  китеп чыгарган. Алым Токтомушев   «Жолдогулар» дегенди жазган, Салижан аке «Ит икаясын», Алым Токтомушев   көзүнүн тирүү кезинде чыгармаларын топтоп дагы бир китеп чыгарган, Салижан Жигитовдун көзү өткөн соң «Салижандын сабактары» деген ал киши менен болгон маегин чыгарган. Алым Токтомушевдин болгон жазмаларын ал кишинин шакирти Шакир уулу Олжобай  көзү өтүп кеткен соң чогулутп жарыкка чыгарган. Олжокем бүгүнкү күндүн даңазалуу адамдарынын бири, бирок Алыкесинин көзү өткөн соң чыгармаларын топтоп жарыкка чыгарды, рахмат. Бул  китепти жарыкка чыгарышына кам көргөн саясат менен маданияттын мазесин алган , Атамбаевдин башына жоолук салгвысы келген белгилүү коомдук ишмер Болот Шерниязов.   

Алым Токтомушев  жок бешинчи жылга кадам койдук.

 

Алым Токтомушев

Алым Токтомушевди ойлосом, мен кыргыз  поэзиясынын Корифейин эмес, бир тууганым катары ойлойм. Анткени анын талантын бала кезден билем, ал белгилүү акын  менин бир тууган эжекем Шербет Келдибекованын  жубайы болгон. Мага Алым Токтомушев   эмес жездем катары гана жүрөгүмдө калып калды.Өзү дайыма айта калчу «великий» деп, анын к-зү өткөнү улам алыстаган сайын алар мен үчүн «великийдей» сезилет. Шербет Келдибекова өткөн кылымдын 70-жылдары эл оозуна алынып калган кези экен. 2-классты аяктап, жайкы каникулду Шербет эжекем жашаган Панфилова 222-де өткөрүүгө туура келди. Анын мүнөзүн аңдаганга да убакыт жок, азыркы КГБ имаратынын ордунда «Первомайский» деген дүкөндөр болот эле, ошол жерге жетелеп барып үзбөй «мороженое» алып берчү, жетелеп алып бир топ ал мезгилде улуу көрүнгөн 20 жаштын тегерегиндеги кыздардын үйүнө барат элек, кыздар үйгө келер эле. Эми ойлосом кыздар поэзиясы үчүн алектенип жаткан акын кыздар экен. Ар кандай альманахтарга чыгып, теле берүүнүн ар дайым мейманы болуп, СССР мейкиндиктерин кыдырып, өзү да китеп чыгарып калчу.  Анан талантты аздектеген, курч калеминен улам 60-жылдардын ортосунда эле элге таанымал болгон Алым Токтомушев менен бирге өмүр сүрдү. Ашып кетсе Алым жездем 8 ай узак жашаптыр. Бирок ал, 2013-жылы ноябрдын аягында Шербетин жоготту. Шербет эжекемдин ал-ахыбалын билип койойун деп барып калсам Азат, Жалын, Фарида жеңем, Ишен, Гүлайым (үзүлөр менен келди)  жездемдин туугандары, үй толо киши бар экен.Шербет эжекем толгон айдай суналып барып, бул жарыкчылык менен биротоло кош айтышты. Түнү боюу аны күзөтүп көз ирмебеген Алым жездемди бир аз көз ирмеп алсын дешкен экен, Шербет эжекемдин бул турмуш менен кол үзүшүн жездем абдан оор кабыл алды. Анын ыйын угуп отуруш да каңырыкты түтөтөт. Ошондо Алым жездем жыл айланбай өзү жатып каларын сезди бекен? Алым жезде бир топтон кийин, сооронгон соң: «Эжекең Берметтин жанына койгула деди эле» -дегени бар. Шербет эжекем 2011-жылы 8-июнда көзү өткөн Бермет эжекемдин жанына коюлду. Кызыгы, эки жарым жыл өтсө да так коюла турган жер так Бермет эжекемдин жанына келиптир. Апам бутун операция кылып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери атам да ошол мезгилде чегинен чыгып, менин жубайым жумушун таштап, биз аларды карап калганбыз. Аларга Шербет эжекем тууралуу айтканыбыз жок, Шербет эжекемди жашырып келген соң гана угузушту. Кийинчерээк, Алини ээрчитип жездем келди атам, апам, Алым жездем ботодой боздоп жатышат. Ушул элес калыптыр, 8 айдын ичинде жездем менен көп эле жолуктук. Акыркы ирет мен ооруканадан чыгып келгенде келип: «Ой, сен да ооруйсуңбу?» -деп тамашалап кеткен. Мен ойлоп койгом Воронцовкага үйгө барсам Алым жездем менен кенен сүйлөшөрбүз деп. Бирок, Алым Токтомушевди Шербет Келдибекова жетелеп кетти... Балдарыма айттым, Алым да, Шербет да жөн кишилер эмес, кыргыз элинин таланттары, «Алым, Шербет» адабий фондун түзүп койгула, алардын талантын жайылталы деп. Акыркы мезгилдерде булардын талантын жакындан билген мен да дарыланып жүрдүм. Дарыланган адам деле, ошол жакка талапкер болуп калат экен. Жакында «Алым, Шербет» фонду конкурс жарыялады, конкурсттун жыйынтыгы 2015 – жылы күзүндө чыгат. Мыкты журналистке «Алым Токтомушев»  жана мыкты акынга «Шербет Келдибекова» сыйлыктарын берели деп жатабыз. Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованын таланттарын кадырлаган адамдар үчүн бул дагы жакшы нерсе.

 

 

... Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым –кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз

 

Ааламда жылдыз толуп ошол кезде, 

Деңиздер турган эле толкуп –ташып.

Дүйнөдөн өчөөр кезде –

Дүбүртү кылчактатып...

 

... Кеткенбиз кезип бүтүп тиричиликти,

Кейиште узатты эле жер жандары.

Учканбыз учсуз –түпсүз аалам –жайга,

 Угулбай уу –дуу түшкөн армандары.

 

Деңиздей оодарылып ошол кезде,

Деңиздей калган эле биздин өмүр –

Дүйнөгө агып кирип дайра сымал.

 

Жадырап калган эле жаздар, жайлар,

Жаш гүлдөр жаңы бүрдөп ачыла албай.

... Кеткенбиз кыйыры жок жолду баштап,

Кеткенбиз  кыяматтык жардай таштап.

 

Кызарбай өчкөн эле күндүн шары,

Кыямат кеткен эле көңүлүбүз.

... Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым –

Кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз.

 

 

Улуу өмүр толкуп турду, уланып улам жаңы түйшүк менен

 

Жылдыздар толуп турду зор ааламда,

Нурлары жерге –сууга сиңип кетип.

Чайпалып ташып турду улуу турмуш,

Толкуну жүрөктөрдү дирилдетип...

 

Бакытты издеп жүрдүк башаламан,

Бакытты издеп жүрдүк бардык жактан.

 

Улуу өмүр толкуп турду, бүтпөс сапар-

Уланып улам жаңы түйшүк менен.

Чындыкты издеп жүрдүк башаламан

Чындыкты издеп жүрдүк бардык жактан.

 

Дүйнөнүн бирдигинен жылдыз көрдүк,

Дүйнөнүн бирдигинен көрдүк мүрзө.

Дүйнөнүн бирдигинен чындык көрдүк:

Дуулады бакыт, сүйүү бардык тилде

Дуулады сан –саат өмүр... доор - дооран

Дуулады акыл –сезим, Адам –заман.

 

 

Оокумга дүйнө тымып, жылтырайт түпкүрүнөн – улуу тирлик!

 

Ошентип карегиңе жашоо күйдү,

Ошентип жүрөгүңдө жашоо жүрдү.

Адамсың, Адамсың да,

Көп ирет өңү түсүң өзгөрүлдү.

 

Каныңда кайнап турган турмуш ошол,

Өңүңдө жайнап турган турмуш ошол.

Жаныңды тынчытпаган –тирүүчүлүк,

Жарыңдан ысык турган – тирүүчүлүк.

 

Кыялдай көкөлөгөн турмуш ушул,

Кыялдай өсө берген турмуш ушул.

О, алар –жомок – анын үзүндүсү;

Жазмыштай тороп үнсүз сулк селейет.

Жашоодой толкуп күңгүрт шоорат берет.

Оокумга дүйнө тымып,

Жылтырайт түпкүрүнөн – улуу тирлик!

 

Тянь-Шань түнү

 

... Дүңгүрөгөн туяктар жерди жара,   

Эсеп жетпей селдеген тулпарларга.

Дүбүрттөрү жаңырып алда кайда

Тоонун койну толтура сан караандар-

Жылдыз менен, ай менен көчүп жаткан

Кыймылдуу түн, тынчсыз түн Тянь-Шанда.

 

Укуругун кармаган жаш жылкычы,

Билгениндей ойнотуп аргымагын.

Тосуп кетип баратат МҮРЗӨ жакты

Тебелетпей арбагын бабалардын.

 

Күйүп кетип баратат, сан жетпеген,

Жылдыз болуп көздөрү тулпарлардын.

Жаңы келген жаш келин сен эмнеге,

Селт ойгонуп сырт жакты тыңшай калдың.

«Козголгонбу коктулар капырай», -деп

Дүбүрөгөн үндөргө таң калбагын,

Кадимки эле түнү бул Тянь – Шандын.

 

... Өтүп жатып жанынан күмбөздөрдүн,

Жылкычы сен токтолуп кимди эстедиң?

Угулдубу кайдадыр керемет үн

Бийледиби боюңду сыйкыр сезим?...

... Алар өткөн өзүнүн заманында

Айдап нечен жылкынын түнкү көчүн.

 

Алар өткөн дал ушул коктулардан,

Сөөктөрү да тоо – таштуу жерде калган.

Учурунда укурук колго алышып,

Ат ойноткон булар да аскалардан.

 

... Дүңгүрөгөн туяктар жерди жара,   

Эсеп жетпей селдеген тулпарларга.

Дүбүрттөрү жаңырып алда кайда

Тоонун койну толтура сан караандар-

Жылдыз менен, ай менен көчүп жаткан

Кыймылдуу түн, тынчсыз түн Тянь-Шанда.

 

Канча өмүр күйүп –өчтү

Ак –кара, өмүр –өлүм, чындык –жалган,

Абалтан ажырашпай жашап калган.

Эки кол, эки буттуу, жалгыз баштуу –

Сен Адам, жашоо үчүн жүрөктү алган!

Сен Адам, жашоо үчүн күрөштү алган...

 

Төгүлө албай канча суу шарпылдады,

Көрүнө  албай канча учкун жаркылдады.

Канча түн күндүн түшүн сүйлөп кетти,

Канча өмүр күйүп –өчтү...

... Бир гана суудай тунук жомок калган!

Шербет КЕЛДИБЕКОВА менен Алым Токтомушев  бир бүтүндүк буларды бөлүп кароого болбойт. Экөө үлгү болуп эгиз козудай ээрчишип жүрдү, Алым Токтомушев  сегиз ай кеч болсо түбөлүккө кош айтышып кетти. Таң калам Алым Токтомушевди койгондо мүрзө айланып келип так жакшы көргөн жары Шербетинин жанына келиптир, Шербетинин жанына коюлду, бул тагдырдын жазмышы эмес, ал Шербетинин жанына жаткысы келген, жатты. Бирок, убакыт өтүп бул адамдар да унутулуп баратат. Алым Токтомушевди менин кичинекей балам тааныйт, анткени аны дайыма эркелетип отурчу. Көзү өткөн соң бир жылдан соң Шер сурайт: «Ата Токочбай атам эмнеге келбей калды?» -деп. Анда төрттө бирок Алым Токтомушевди эстеп жатат. «Балам, эртең бир жакка барабыз» -дедим, эртеси жетелеп алып, анын мүрзөсүнө бардык. «Тигине Токочбай атаң» дедим. Өлүм менен өмүрдүн ортосун баалай албаган бала «Ааа!» -деди... «Токочбай атам да ушул жердеби?» -деп.Анын өмүр сааты токтоп калган, мына бешинчи жылга кетип баратат. Мен кесиптеши эмес кайниси катары айтарым, рахмат аны эскергендерге! Кеттиңер барыбыз бара турган жайга...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости