www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң ысык өлкөлөр

Эфиопия дүйнөдөгү эң ысык өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул өлкөдө жылдык орточо температура +35 °С түзөт. Кышкысын абанын температурасы +28 °С болот. Бирок кечинде жана таңга маал абанын температурасы 15 градуска чейин төмөндөйт. 9 ай 35 градус ысыктан бул өлкөнүн жашоочулары жакын жайгашкан тоолорго чыгып кетишип сактанышат. Себеби тоодогу абанын температурасы шаарга караганда бир топ төмөн болот экен.

Ямайкадагы жылдык орточо температура +28 °С. Бирок аба абдан нымдуу болгондуктан күн аябай ысык болот. Ямайканын нымдуу климатына ошол жердин жашоочулары эле чыдабаса, башка жактан барган көпчүлүк адамдар чыдай алышпайт.

Индонезияда жылдык орточо температура +30 °С тегерегинде болот. Айрым учурларда 3-4 градуска өйдө же төмөн болушу мүмкүн. Абасы абдан нымдуу болгондуктан 30 градуста эле шаардын ичи ысып, дем алууга мүмкүн болбой калат. Ал эми бийик тоолорунда абанын температурасы абдан төмөн болот, айрым учурларда бийик тоолорунда үшүк жүрөт.

Булак: Фабула

 

Последние новости