www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Союз чачыраганда ошол союзга кирген бардык эле өлкөлөргө кыйынчылык болбодубу. Ошолор менен бирге өзүнчө мамлекет болуп бөлүнүп кеткен жаш өлкө Кыргызстан да бир топ кыйынчылыкка батып турган мезгил эле.

Бардык жерде кризис, тамак-аш тартыш, жумушсуздук, өзүбүздүн валюта жаңы чыгып, айлык да аз. Өмүрү соода кылбаган элдин бардыгы эптеп оокат кылып жашаш үчүн баары базарда. Жаңы өкмөтүбүз элди бакмак түгүл өз алапайын таппай жаткан учур болчу. Ушундай башаламандык өкүм сүрүп турган мезгилде ар ким өзү менен өзү болуп жашоо менен күрөшүп жатышкан. Ошондой мезгилдердин биринде кайнагам мага биздин үйдө жашаган студент кызынан тоту куш берип жибериптир темир торчосу менен кошо.

"Биз үйдө болбой дайыма алыска соодага чыгып кете-биз, ачкадан өлтүрүп алчудайбыз" деп айттырып жибериптир. Өздөрү Балыкчы шаарында турушчу, калаа четиндеги жаңы конушта үй салып жатканбыз. Курулуш материалдар аябай тартыш, анын үстүнө акча дагы жок. Анын белегин анча жактырып деле кабыл алганым жок, биз деле бул жакта жыргап жаткан жокпуз да, ага күндө жем алып келип берип туруш керек базардан. Заманга жарашабы, айтор, ошол мезгилде келемиштер дагы күч алып кеткен. Биз жактагы жаңы конуштун ар үйүндө бар болчу. Алар менен салгылашып жатып дагы тажаганбыз. Түнкүсүн биз уктап жатканда тамак-ашыбызга кол салат. Өзүбүз эле жыргап жаткансып.

Капкандарды коёбуз, уу дарыларды себебиз, ага деле бо лушпайт. Бир дарыны жеп өлүп калгандан кийин алар экинчи аны жешпейт экен. Капканга бир-эки жолу түшкөндөн кийин андан да оолак болуп калышат экен. Келемиштердин ушунчалык акылдуу экенин ошондо биринчи көрүшүм. Күндүзү көрүнүшпөйт да түндөсү баарыбыз кызуу уйкуда жатканда жабылып чыгышат. Анан үйдүн ичин ээн-эркин ара-лашат. Кээде уктап жаткан балдарыбыздын дагы колдорун тиштеп алышат. Алардан тажап да бүттүк. Оңою менен өлтүрө да албайт экенсиң. Күзгө маал эле, түн ортосу болчу, темир тор ичиндеги тоту кушубуздун катуу чарылдаганынан ойгонуп кетип жарыкты күйгүзсөк, Кудай жамандыктын бетин көргөзбөсүн, төрт-беш келемиш темир тордогу тоту кушту курчап алышып ага асылып ичине кире албай жатышыптыр.

Жан деген кыйын да, байкуш тоту куш чыркырап ары-бери темир торчонун ичинде жан далбас ура чыркырап жатыптыр. Баары бир ага жете алышмак да эмес, ошентсе да тор ичине тумшуктарын сунуша торго асылышууда. Тобо, жарыкты күйгүзсөк, бизден чочулап да коюшпайт. Ары жактан темир казык алып келе жатканымды көрө коюшуп андан кийин гана туштуш жакка чачырай качышты.

Келемиштердин ага тийишпеси үчүн атайын бийик стол коюп, тоту куштун темир торчосун ошонун үстүнө коюп койдук. Түн ортосунда катуу чыркырактан ойгонуп кетип жарыкты күйгүзсөк, ой тобо, келемиштер столдун үстүнө да чыгып кетишиптир. Темир торчого мурункудай эле асылып жатышыптыр. Темир көсөө менен бирөөсүн өлтүрө чапканга үлгүрдүм, калгандары качып кетишти. Муну каякка коёрубузду билбей, дубалдагы эң бийик текченин үстүнө коюп таштадык. Ага келемиштер эмес биз дагы жете алчудай эмеспиз. Анан түн ортосунда баягыдай эле чыркыраган добуш.

Ойгонуп кетип жарыкты күйгүзсөк, келемиштер дубалдын боору менен жармашып ага да жетип алышыптыр. Ачуум менең эки-үчөөсүн качууга үлгүртпөй учура чаптым. Бирөөсү өлүп, экөөсү жарадар болду, аларды да өлтүрүп салдым. Булар бизге түнкүсүн тынчтык берчүдөй эмес, айла кеткенде тоту кушту өзүнүн торчосу менен аркы бөлмөгө алып чыктым дагы шыпкадан төмөн кылып салаңдатып илип салдым.

"Эми кыйын болсоңор жетип көргүлө" деп ичимден ойлоп койдум. Түнкү саат экилерден өтүп калган болчу, уйкум келбей берки бөлмөдө телевизор көрүп жаткам, үй-бүлөм бардыгы кызуу уйкуда болушчу. Күтүлбөгөн жерден тоту куш турган аркы бөлмөдөн анын чыркыраган үнү угулуп калды. "Эми эмне болуп кетти?" деп ордумдан атып туруп, колума темир көсөөнү ала аркы бөлмөгө кирип барып жарыкты күйгүздүм да, өз көзүмө өзүм ишенген жокмун.

Ой тобо, тигилерден айла качып кутулбайт экен да. Алар электр проводу менен илээшип келип, анан биринин куйругун бирине байлап төмөн карай түшүшүп темир торчого кайрадан жетип алышыптыр. Ушунчалык ачуум келди, качууга үлгүртпөй бир тобун өлтүрө чаптым. Муну эми кайда алпарсам деп айлам кетип турду, алардын буга эмне өчөшүп алышканын да билбейм. Кайда болсо да ага жармашып, асылып жатышат. Анан бир түнү чыркырагы жок эле тынч жаттык.

Эртеси күнү барып карасам, тоту кушубуз темир торчонун ичинде өлүп жатат. Мунун эмне болуп өлүп калганына түшүнбөй турдум. Анан баары айкын болду, келемиштер ага алиги биз чачып жүргөн уу данды алып келип темир тордун ичине ташташыптыр. Ошондон жеп алып ууланып өлүптүр. Бул уу данды кимдер таштаганын билбейм. Биздин үйдөгүлөрдөн эч ким таштабаптыр. Келемиштердин акылдуулутун карабайсыңбы.

Уулуу зат экенин билип, атайын алып келип тор ичине ташташканын. Анан кийинки мезгилде келемиштер өзүнөн өзү жок болуп башка жакка ооп кетишти. Ал зми тоту куштун темир торчосу складыбызда алигиче чейин илинип турат.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

 

Последние новости