www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу абактан бошотулду.

Сот Кунакуновдун ишин быйыл январда күчүнө кирип, иштей баштаган жаңы мыйзамдардын негизинде 12-июлда караган. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ырастады.

Экс-депутат 2015-жылы жай айында “террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактоо" өңдүү айыптар менен камакка алынган. Сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал ошол кезде өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, УКМКнын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирип келген. Атайын кызмат экс-депутаттын кыйноо тууралуу маалыматын четке каккан, - дейт "Азатттык".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости