www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү уланды.

Сооронбай Жээнбеков меймандос кыргыз жеринде, Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээгинде Эмомали Рахмон менен жылуу учурашты.

«Сиздин келишиңиз өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болот. Өз ара толук түшүнүүнүн жана ишенимдин кырдаалында өткөн  кечээги сүйлөшүүлөргө биз канааттандык», — деп белгилеп, Сооронбай Жээнбеков анын иш сапары учурунда Исфара шаарында кыргыз өкүлдөрүн чын көңүлдөн кабыл алганы жана меймандостугу үчүн тажик тарапка ыраазылык билдирди.

«Эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүт комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга биз чын ниеттен кубанычтабыз. Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитиациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти „жөнөкөйдөн татаалга карай“, өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык. Биз ошондой эле регионалдык жана эл аралык проблематикалар, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон региондогу суу-энергетикалык маселелер боюнча пикир алмаштык. Бул контекстте Кыргызстан сууну пайдалануу проблемаларына глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын жаратман саясатын жогору баалайт жана колдойт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Эмомали Рахмондун колдоосу менен чек ара боюндагы аймакта тарыхый жолугушуу өткөнүн белгиледи.

«Биздин эгемендик тарыхыбызда мындай боло элек болчу. Биздин жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү боюнча мындан аркы чечкиндүү аракеттерге бекем таяныч болуп  берет деп ишенем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келүүгө чакыруу үчүн ыраазылык билдирди.

«Меймандос кыргыз жергесинде жолугуп жатканыбызга мен абдан кыбанычтамын. Бул жолугушуу кыргыз-тажик күн тартибиндеги олуттуу маселелер боюнча биздин ортобуздагы конструктивдүү диалогду улантууга жакшы мүмкүнчүлүк берди. Биз Кыргызстан менен болгон тыгыз өз ара аракеттешүүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз. Тажикстан мындан ары карай да Кыргыз Республикасы менен саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин дагы бир жолу тастыктайт», — деп баса белгиледи Эмомали Рахмон.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Эки мамлекеттер башчыларыгнын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын  делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланды.

 

Последние новости