www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай кейиштүү окуя былтыр Индияда болгон. Сегиз жаштагы кызды жабыла зордуктаган сегиз зөөкүрдүн соту араң быйыл болуп, анда да алтоосу гана түрмөгө кесилди. Соттун корутундусунда наристе кызды бир нече күн катары менен зордукташып, акыры өлтүрүп тынышканы айтылат.

Мындай каргашалуу окуя былтыр, Жаңы жылдын алдында болгон. Кыз жоголуп кетип, үч жумадан кийин анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү токойдон табылган. Тергөөчүлөр кызды индуисттер храмга алып барып кармашып, ага уйкунун дарысын сайып, эс-учун жоготуп койду деп алып чыгып кетишкенин тастыктап беришкен. Кылмышка шектүү деп кармалган сегиз мыкаачыны индуисттик уюмдар менен адвокаттар бир жыл бою күнөөсүз деп коргоп келишкен. Акыры акыйкаттык орноп, анда да анын алтоо гана жазаланды, экөө кутулуп кетти. Кызынан ажыраган эне акыры акыйкат сот болооруна ишенгенин жана өмүр бою унутулгус арман болуп калганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости