www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупционер Атамбаевден корккон ИИМ

Накта коррупционер Атамбаевден коркуп калган ИИМдин жоругу жолдо калсын

Демейде карапайым, күнөөсү жок элди баса калган ИИМ Атамбаевден коркуп жатканы кызык болду. Алар үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, келтире албай коюшкан. Төртүнчүсүндө министрдин орун басары Мирлан Каниметов Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайына барып, шүмүрөйүп үйүнө кире албай кеткен. Аны Жолдубаева гана жолго салып койгонун эл шылдыңдаган эле. Эми бу жолу дагы шылдың болушту. Алар Атамбаев Орусияга учуп кеткенден кийин, “Москвадан кайтып келгенде Атамбаев сөзсүз ИИМге суракка келиши керек”,-деп жар салган. Келгенден кийин, “Атамбаев өзүнүн адвокаты Сергей Слесарев аркылуу кат аркылуу жооп бере берсе болот”,- дептир. Уят!

Кечээ, биздин сайтка экс-депутат Каныбек Осмоналиевич интервью берип, президентти ИИМ уятка калтырып жатканын айтты эле. “Президентти дал ушул ИИМ көп учурда осол кылып коюп келүүдө. Ороктогу улуттар аралык окуялар, Баткендеги чек ара жаңжалдары ж.б. резонанстуу арабөк кылыктары эмне деген шермендечилик! Эми Атамбаевге карата күбө катары эле белгиленген суракты уюштура албай жүрөт. Кремль киришкенден кийин мындан ары даап иш жүргүзө алышына көзүм жетпейт!»,-деп кейиген эл К.Осмоналиев. Көзү ачыктык кылыптыр да экс-депутат, ошондой эле болду, даап бара албай калышканын көрсөтүп коюшту. Накта коррупционер Атамбаевден коркуп калган ИИМди эл сыйлабай калды. Эми аларды эч ким тоотпойт. Кымындай болсо да баркы бар эле, ал да жок болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости