www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев Токио борбор-калаа округунун Тюо атайын районунун мэри Тайто Ямамото мырза менен жолукту.

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлиги билдирди.

2019-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Арстанбаев Токио борбор-калаа округунун Тюо атайын районунун мэри Тайто Ямамото мырза менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тюо атайын району менен экономика жаатындагы жана маданий гуманитардык маселелер боюнча кызматташтыкты тереңдетүүнүн перспективалары талкууланды. Т.Ямамото, Тюо-кунун Мэриясы, чет өлкөлүк коноктор жана Токионун дипломатиялык корпусунун катышуусу менен, ар түрдүү маданий-массалык иш-чараларды өткөрүп тураарын билдирип, Элчиликти аларга жигердүү түрдө катышууга чакырды. М.Арстанбаев, мындай иш-чараларга колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирүү менен бирге, Кыргыз Республикасынын Элчилиги да, Токионун атайын райондорунда бизнес-форумдар, лекциялар, концерттерди өткөрүп келээрин белгиледи. Андыктан ал, Тюо-куда да, кыргыз-япон эки тараптуу мамилелерин тереңдетүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн актууалдуулугун баса белгиледи.

Тараптар, бирглешкен иштерди аныктоо максатында консультацияларды улантууну макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости