www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан жана Россиянын Жаш лидерлеринин форумунда сөз сүйлөп, жаштар саясатын өнүктүрүүнүн үч негизги багытын белгиледи.

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Негизинен жеке мен үчүн жаштар менен жолугушуу – бул ар дайым жашоого болгон жаңы идеялар жана көз караштар. Жаштар арасында жүрүп, алардын көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин аңдап билип, коомдун маселелерин терең түшүнөсүң. Ишенсеңер, бул Премьер-министр катары мага тигил же бул процесстерге башкача кароого жана маанилүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет. 26 - июлда форумдун аянтчасында Россия жана Кыргызстандын аймактарынан келген активисттер жана чыныгы лидерлер чогулушкан. Алар күчтүү адамдар деп ишенем, алар үчүн дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө жана өз өлкөсүнө чоң пайда алып келүүгө эч кандай тоскоолдуктар жок», – деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, акыркы убакта Кыргызстан жана Россиянын ар түрдүү деңгээлдеги делегацияларынын ортосундагы жемиштүү жолугушуулар биз үчүн кадимки эле көрүнүш болуп калды.

«Экономикалык байланыштар активдүү фазада жүрүүдө, Кыргызстандын 6 млрд АКШ долларын түзгөн жалпы товар жүгүртүүсүнүн ичинен 2 млрд АКШ доллары Россияга туура келет. Энергетика, кен иштетүү, өнөр жай тармактарында чоң-чоң инвестициялык долбоорлор бар. Туризм жана билим берүү чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүүдөбүз. Бир сөз менен айтканда биз россиялык өнөктөштөрүбүз менен мындан аркы көп жактуу кызматташууга даярбыз, – деп билдирди Премьер-министр.

– Форумда талкуулана турган маселелер Кыргызстанда гана эмес, Россияда дагы, алды менен дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү жана адамзаттын заманбап көйгөйлөр менен чакырыктарды жеңүү өңүтүнөн алганда актуалдуу болуп саналат. Дүйнө өзүнүн өнүгүүсүндө болуп көрбөгөндөй глобалдык карама-каршылыктардын алдында турат. Бир жагынан алганда – бул дүйнөлүк экономиканын жана керектөөнүн өсүүсү, ошол эле учурда

– дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн жашоо шартынын төмөн деңгээли жана калктын жакырчылыгы. Жогорку маалыматтык технологияларга жетишүү планетанын табигый-минералдык ресурстарын аёосуз эксплуатациялоо менен коштолуп, космосту жана ядролук технологияларды өздөштүрүү ийгиликтерге жетишилет. Ошол эле учурда экологиянын жана ичүүчү суунун тартыштыгы сыяктуу масштабдуу маселелердин бар экендигин мойнубузга алууга тийишпиз».

Премьер-министр баса белгилегендей, бул фактылардын баары адамзатынын маселелерин чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү жана заманбап жана натыйжалуу механизмдерди активдүү издөөгө мезгил келип жеткенин күбөлөндүрөт. Бул өңүттөн алганда, Өкмөт башчынын айтымында, жаштар жана жаштар уюмдары башкы ролду ойноп, өзгөрүүлөрдүн демилгечиси болуп калышы керек.

«Мен жаштар саясатын өзгөртүүнүн үч башкы багытын көрүп турам. Жаштардын заманбап дүйнөнүн экономикалык процесстерине активдүү катышуусу. Бүгүн жаштар экономикалык өнүгүүнүн глобалдык процесстерине активдүү тартылууга тийиш. Заманбап жашоого маалыматтык тутумдардын жана технологиялардын киргизилиши көнүмүш ченем болуп калды. Дал ушул жаштар дүйнөлүк экономикага санариптештирүүнү киргизүү процессин тездеткен күч болот.

Экинчи багыт – жаштардын жумушсуздук маселелерин чечүү. Мамлекеттик колдоо көрсөтүү, эң ириде, жаш жарандардын идеяларын жана долбоорлорун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү. Кыргызстанда жаштарды иш менен камсыз кылуу маселесин Өкмөт стратегиялык программалар менен биргеликте карайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча бир катар иш-чаралар аткарылууда, алсак, өлкө аймактарында жаңы иш баштаган ишкерлер салыктын бир нече түрүнөн бошотулат. Бул чаралардын баары өз жемишин берип жатат. Мындан тышкары Өкмөт жаштардын ар бир демилгесин колдойт жана башталгыч ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.

Үчүнчүдөн – бул албетте, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү. Бекем үй-бүлө – бул күчтүү мамлекеттин өзөгү. Ошондуктан биз үй-бүлөгө жана үй-бүлөлүк мамилелерге өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Адеп-ахлак баалуулуктары дал ушул үй-бүлөнүн очогунда калыптанат. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жоготуу менен биз келечегибизди жоготобуз. Мекенчилдик сезими жаштарга ата-эненин сүйүүсү жана мээрими аркылуу сиңет. Бул өтө аяр түшүнүк. Улуу орус педагогу Василий Сухомлинский айткандай, үй-бүлө – бул адам окуп, үйрөнүп жана жакшылык кыла турган баштапкы чөйрө.

Сергек жашоо мүнөзү, спорт, маданият жана толук кандуу бактылуу үй-бүлө деген баалуулуктар заманбап жаштар саясатынын негизи болушу керек деп эсептейм», – деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстан жана Россия Жаш лидерлер форумунун ачылышында өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан Президенттин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев, ошондой эле Россия жана Кыргызстандын жаш лидерлери сөз сүйлөштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости