www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн райондук соту 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча соттолгон Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаевди шарттуу түрдө бошотуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу 24.kg өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, эгерде соттун чечимине карата 10 күндүн ичинде даттануу болбосо өкүм күчүнө кирип, Нурлан Темирбаев №27 абактан бошотулушу мүмкүн.

Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча 28 адам, анын ичинде качкын президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Данияр Үсөнов, МККнын мурунку башчысы Жаныш Бакиев, анын эки орун басары - Данияр Дунганов жана Нурлан Темирбаевтер айыпталган.

2016-жылы Жогорку Сот бул ишке чекит коюп, акыркы эки аскер кызматкери 25 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости