www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда экинчи чейректен тартып окуучулардын саны 300дөн ашпаган мектептер салттуу окуу форматына өтөт.

Тиешелүү чечимди 26-октябрда Нур-Султандагы мекеме аралык комиссия кабыл алды. Мектептер дезинфекцияланып, беткап режими, окуучуларды шахматтык түрдө отургузуу шарты сакталышы керек.

Белгилей кетсек, Казакстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери окуучулар аралыктан билим алууда. Башталгыч класстарда окуган балдар гана мектепке барып жатышат. Ата-энелер аралыктан окутуу сапатсыз болуп жатканын, интернет байланышынын начардыгын сынга алып келишет.

Ошондой эле Казакстан мектептеринде биринчи чейрек 4-ноябрда аяктап, экинчи чейрек күзгү каникулдан кийин, 16-ноябрда башталат.

Бул арада 2-ноябрдан баштап театрларды ачуу жөнүндө да чечим кабыл алынды. Залда көрүүчүлөрдүн саны 100 кишиден ашпоосу керек. Социалдык дистанция, беткап режими сакталууга тийиш.

Ушул эле күндөн тартып мечиттерде жамаат менен намаз окууга да уруксат берилет.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандар 110 542 кишиге жетти.

Эске салсак, 1-августтан тартып Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги ПЧР-тести таза чыгып, бирок коронавирустун белгилери бар бейтаптарды өзүнчө эсептей баштаган. Андан бери «коронавирустук пневмония» деген диагноз коюлуп жаткан мындай бейтаптардын саны 36 921ге жетип, кеминде 394ү каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости