www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондон Королдук Колледжинин акыркы изилдөөсүнө ылайык, коронавирусту айыктырган бейтаптар акыл-эс иш-аракетине келтирген зыянынан көпкө чейин кыйналышы мүмкүн. Бул тууралуу tarjumon.uz сайты кабарлады. COVID-19дан айыгып кеткендердин мээси он жылга картайышы же акыл-эс коэффициенти 8,5 пунктка төмөндөшү мүмкүн.

84 285 адам катышкан бул илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, коронавирусту айыктырган адамдар бир нече жума же бир нече айдан кийин эс тутуму начарлап, коронавирус адамдын мээсине олуттуу зыян келтириши мүмкүн деген көз-караштын туура экендигин айгинелейт.

Бул изилдөөнүн катышуучулары алардын мээсине ар кандай деңгээлде зыян келтирилгендигин билдиришти. Окумуштуулардын айтымында, адамдарда коронавирус инфекциясы катуу же жеңил болгонбу ажыратуу керек. Мисалы, коронавирусту өтө оор баштан өткөрүп, реанимация бөлүмүндө дарыланган бейтаптардын психикалык коэффициенти 8,5 пунктка төмөндөгөн. Бул мээнин 10 жылдык картайышына барабар.

Изилдөөнүн башкы автору Адам Хэмпширдин айтымында, бул COVID-19 оорунун жеңил түрүн башынан өткөргөн адамдардын акыл-эс иштешине дагы таасирин тийгизип, үйдө дарыланган бейтаптардын акыл-эс коэффициенти 4,5 баллга төмөндөгөн. Бул мээнин жашы 5 жашка өстү дегенди билдирет.

Карим Зарипов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости