www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламатсыздарбы, урматтуу достор!

Эки күн мурун социалдык тармактарда мен жөнүндө маалымат тарай баштады. “Унчукпастык – макулдуктун белгиси” дегендей, унчукпай отура берсем коомчулук так эмес маалыматты туурадай кабыл алып алышы мүмкүн. Ошол себептен маалыматты ачыктап коюуну туура көрдүм. Жашыра турган эч нерсе жок.

2002-жылдын жай айларында жеке иш-сапары менен 3 күнгө Москва шаарына поезд менен барып келдим. Бул менин биринчи жолу Казахстан менен Россияга сапарым эле. Жолдо баратып мекендештерибиздин кор болгондуктарына, кыйынчылыктарына күбө болдум. Паспортторун жыйнап алып кетишип, акчасын берсе кайтарып, болбосо чыркыратып поездден түшүрүп калгандары да болду. Поездге Казахстандын бажы кызматкерлери чыгып, сумкаларды учу шиш темир менен сайгылап, жакшы, жаңыраак сумканы түшурүп алышып, ичин “тытып”, жакшы көрүнгөн буюмдарын алып коюп атышты. Биздин жарандар үн ката алышпай олтурушту. Бир нерсе дешсе эле “текшерүүгө жүрүңүз” деп алып түшүп кетишет экен. Москвада дагы биздин мекендештерибиздин укуктарынын тебеленишине күбө болдум. 
3 күндөн кийин Москвадан Кыргызстанга поездде кайттык. Кыргызстанга келе жатканда да ошол эле көрүнүш... 
Жолдогу жана Москва шаарындагы кыргыз жарандарынын “мышык ыйлагыдай” абалын көрүп “Кыргызстандыктардын, биринчи кезекте, жолдогу (позддеги), экинчи кезекте, убактылуу жашап-иштеп жаткан шаарларындагы укуктарын коргоого алуу керек экендиги” жөнүндө ой кетти жана бул көйгөйлөрдү чечүүнү өзүмө максат кылып алдым.
Кыргызстанга келип “поезддердин багыттарын, бир курамда канча плацкарт жана купе вагондору бар, бир жумада жана бир айда канча адам кайсы шаарларга барып келет, КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУ мамлекеттик мекемеси тарабынан кандай жардам көрсөтүлөт” жана башка маалыматтарды топтой баштадым. Тетирисинче, айрым учурларда мекеменин коштоочулары (проводниктер) өздөрү ошол мыйзам бузууларга жол берип келгендиктерин билдим.
2004-жылы Москва шаарына жөнөдүм. Алдымда 2 максат бар эле: 
1. “Институт товароведения и коньюнктуры оптового рынка” (ИТКОР) жогорку окуу жайына аспирантурага тапшыруу. Ал ЖОЖ СССР мезгилиндеги “Госснаб” мекемесинин базасында түзүлгөн экен. Кыялым: илгерки “заготконтора” системасын изилдеп, калыбына келтирип, дыйкандардын өндүргөн азыктарын сатууга шарт түзүү эле; 
2. Кыргызстандыктардын укугун коргоону уюштуруу. 
Москвага барып, документтерди тапшырып сентябрьга чейин 1 айдай бош жүрүп калдым. Бекер отурбай жумуш караштырып “Моби Телеком” компаниясына сатуулар боюнча менеджер болуп жумушка орноштум. Ал кезде уюлдук телефондордон Кыргызстанга чалуу кымбат болуп, биздин компания чыгарган атайын телефондук карточка аркылуу үй телефонунан чалуу арзанга турат болчу. Биз ал карточкаларды кыргызстандыктар жашаган, иштеген жерлерге жеткирип берип сатчубуз. Компанияда иштеп, бир жылдын ичинде Кыргызстандан алган кредитиминен жана карыздарыман кутулдум.
Эртең менен саат 06:00 дөн 08:00 гө чейин карточка сатуу, 09:00 дөн 14:00 гө чейин сабакта, сабактан кийн кайра эле карточка сатууга өтөм. Ал жумуш аркылуу мекендештерибиздин Москва шаарындагы жана Москва облусундагы иштеп аткан базарларына, завод-фабрикаларына жана жашап аткан батирлерине, жатаканаларына, вагондоруна чейин барып көйгөлөрү, турмушу менен жакындан тааныша баштадым. Мекендештерибиздин эң биринчи көйгөйү – бул укуктук жактан сабатсыздыгы жана юридикалык колдоого муктаж экендигине ынандым.
Карточка сатып жүргөн учурдан бир кызыктуу окуяны айта кетейин: кардарларымын бири автоунаа коюучу жайдын кароолчусу болуп иштеген бир аксакал эле (атын унутупмун). Ал жай Каланчевская көчөсү, 35 дарегинде жайгашкан авариялык абалда болгон үйдүн короосунда жайгашкан. Үйдөн москвалыктар көчүп чыгып кетишип, ордуна жергиликтүү турак-жай коммуналдык чарбасынын жетекчиси көчө шыпыргыч болуп иштеген биздин жарандарыбызды киргизип койгон. Биздикилер ар бир бөлмөгө 4-5 бештен адамдарды киргизип, ижара акы алып жашашчу. 2 подьезддүү 3 кабат үйдө жалпысынан 300 дөн ашык кыргызстандыктар турушчу. Кыргыздар жашаган үй экендиги алыстан билинет болчу: жаш балдар ызылдап, чуркап ойноп жүрүшкөн болоор эле. Мен ал жерге жумасына бир жолу барып карточканы аксакалга таштап кетчүмүн. Ал карточкаларымы сатып, кийинки келгениме акчасын даярдап койчу. 
Күндөрдүн биринде барсам, аксакалдын маанайы суз. “Аксакал, эмне болду?” деп сурасам “Кел, олтур, айтып берем” деп калды: “Бул үйдө бир акмак бала жашайт. Жашы 25 терде. Кыргызстандан келгенине 2 жыл болду. Келгенден бери үйүнө бир тыйын акча жөнөтмөк турсун, телефон чалып койбойт экен. Жумушу жакын эле жерде, түшкө чейин гана иштейт, жөө барып-келет, иштен чыгып ар бир дүкөнгө кирип 100 грамм “бастырып” олтуруп үйгө келгиче телтейип мас болуп калат. Күндө ошол көрүнүш. Бүгүн да чак түштө келе жатып, үйүнө 20 метр калганда, тротуардын так ортосунда туруп алып заара кылып атат. Бир маалда 5-кабаттан бир орус кемпир башын чыгарып “Киргизы – бараны!” деп урушса, заарасын бүтүрбөй туруп, чачыратып басып баратып тиги аялды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп бара жатат. Андан жийиркенгендер да аны тилдеп атышты. Шымдары “суу” бойдон үйүнө кирип кетти” деп сөзүн аяктады. 
Кийинки жумада барсам, баягы үйдүн алды тып-тынч. Кыргыздар көрүнбөйт. Жалгыз аксакал гана кароолканасында олтурат, маанайы жок. Учураштык. “Кел, олтур” деп сөзүн баштады: “Баягы бир кумалак бир карын майды чиритти. Ал акмак бир күнү жумушунан чыгып, бир кыргыз бала менен таанышып калат. Экөөсү бир шише аракты ичишип, дагы бирөөнү сатып алышып, бул үйдүн короосуна келип олтурушуп ичишет. Саат түнкү 12 ден өтүп калганда ызы-чуу болуп калды. Сыртка чыксам, тиги экөө мушташа кетип, келген коногун сабап коюп, үйүнө кире качты. Кайсы подьездге киргенин көрбөй калат, “биринчи кабатта жашайм” дегенин угуп калгандыктан, таяк таап алып биринчи кабаттын терезелерин бүт талкалап чыгат. Кошуналар ойгонуп, ОМОН келди. Тиги экөөнү кармап кетишти, калган жашоочуларга эртең мененки саат 10 го чейин көчүп кетүүсүн талап кылып кетишет. Түнү менен 300 дөн ашык адам чубалып көчө башташты. Түнкү сменада иштегендери да бар эле. Эртең менен саат 10:00 дө келип, эшик-терезелердин баарын темир менен ширетип кетип калышты. Жетишкени жетишти, жетишпегендери документтерин жана керектүү гана кийимдерин алганга үлгүрүштү. Ичинде калган оокат-аштары сасып, жыты сыртка да чыга баштады” деп оор үшкүрүнүп алды.
Ошол күндөн кийин 3 адам болуп Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ыйгарым укуктуу Элчиси Апас Жумагуловго кирдик. Алдына 2 маселе койдук: 
1. Жолдогу жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо; 
2. Өзүбүздү өзүбүз тазалоо. 
Апас Жумагулович “Биринчи суроо түшүнүктүү, ал көйгөй бар, ал эми экинчи маселени кандай түшүнсө болот?” деп сурап калды. “Кээ бир Кыргызстандык жарандар Кыргызстандагы ата-энесин, бала-чакасын багуусу мындай турсун, кабар да алып койбой, Кыргызстанга жана кыргызстандыктарга зыян алып келип атышат. Азырынча жергиликтүү калктын кыргызстандыктарга болгон мамилеси жакшы, бирок ушинтип олтурсак, алардын көзүнө эң жаман улутка айланабыз. Ушуга окшогон, пайдасынан зыяны көп жарандарыбызды текшерүүгө алып, РФ укук коргоо органдарынын жардамы менен депортация кылып, КР ТИМ аркылуу аларды көзөмөлдөп, аты-жөнүн жана паспортун өзгөртүп алып, Россияга кайра келүүсүнө бөгөт коюу керек” деп түшүндүрүп бердик. “Оюңар жакшы экен, мага 1 ай убакыт бергиле, ойлонолу” деп Элчи бизди жылуу-жумшак узатты. 
Бир айдан кийин жооп болбогондуктан, Элчиге кирүүгө аракет кылып кире албай койдук. Андан кийин КР Өкмөтүнө жана аттуу-баштуу инсандарга кайрылууларды жасадык. Жыйынтык болбоду. Бул жыйынтыксыз аракеттер менин максатыма жетүүгө тоскоолдук болбоду, ичимен “Кудай буйруса, бул маселе чечилет!” деген терең ишеним жана күчтүү каалоо бар болчу.
Апам (мени чоңойтуп, тарбиялаган чоң энем) ооруп калып, 2005-жылдын аягында Кыргызстанга кайтууга туура келди. 2006-жылы февраль айында апам каза болду. Эки айдан кийин кайра Москвага кетүүгө туура келди.
Ошол эле жылдын июнь айында Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Баш консулдугуна референт (техникалык кызмат) болуп жумушка орноштум. Жарым жылдан кийин атташе (дипломаттык кызмат) болуп дайындалдым. Мекендештерибиздин көйгөйүн мурун жөнөкөй жаран катары көрсөм, эми мамлекеттик кызматкер катары көрө баштадым. Екатеринбург шаары чек-арага жакын болгондуктан, жумасына, жок дегенде, 2 адам арызданып келишет. Күндөрдүн биринде 100 дөн ашык мекендештер Баш консулдуктун алдында пикет уюштурушту. Койгон талаптары: жолдогу жарандардын укугун коргоо үчүн юристтердин же аскер жана укук коргоо кызматкерлеринин коштоосун уюштуруп берүү эле. Мекендештерибиздин кайрылуусунун негизинде КР ТИМне, андан ары КР Өкмөтүнө кат жолдонду. Бир нече убакыттан кийин катка “Эларалык мыйзамдарга ылайык башка мамлекеттин аймагында юридикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү жана чек-арадан кызматтык курал-жарак өткөрүү татаалдыктары бар экен” деген таризде жооп келди. Бул аракетибизден да майнап чыкпады.
2007-жылдын август айында эмгек өргүүсүнө чыгып Кыргызстанга келдим. Бишкекте, мамлекеттен бир чечим болушуна көзүм жетпей калгандыктан, бир нече жеке жарандарга кайрылдым, долбоорду сунуштадым. Алардын арасында Жаныш Салиевичтин баласы да бар эле. Жолугушуп, долбоорду көрсөтүп, жардам берүүсүн өтүндүм. 2 күндөн кийин баласы телефон чалып “кагаздарыңызды атама көрсөттүм, Сизди келсин деп атат” деди. Барып жолуктум. “Жакшы долбоор экен, ишке ашырышыңа көзүң жетеби” дегенинен “жетет, эгерде жардам берсеңиздер” дедим. 
2 күндөн кийин баласы чалды, атасы менен жолуктук. “Азыркы жумушуңдү таштап, келе аласыңбы? Колдон келишинче жардам беребиз, бир жылдын ичинде ушул долбоорду ишке ашырып, кайра мамкызматка кете бересиң” деген сунушуна “мен атам менен кеңешейин, ойлоноюн” дедим. 
Эртеси атамын уруксатын алып, макулдугуму билдирдим. Екатеринбургга барып, жумушту тапшырып келдим. Эс алып, сентябрь айынан жумушту баштадык. “Юртранссервис” (ЮТС) ЖЧК коомун түзүп, 2008-жылдын 20-мартында “Кыргыз темир жолу” менен биргеликте 4 юристтердин коштоосунда биринчи поезд Москвага чыгып кетти. Көйгөйлөрдүн эң көбү Кыргызстанда экенине күбө болдум. Бишкектеги бекетте эле башаламандык башталат экен. Алардын баары чечилди. Казахстанда “жапкыла фирмаңарды, наркотик таштап каматып болсо дагы жок кылабыз” деген коркутууларына каршы туруп, ал жердеги көйгөйлөр да чечилди. Россиянын Самара шаарында милиция кызматкерлери юристтерибизди “скинхеддерге” сабатып, өлтүрүп коюуга аз калгандыктарына да карабай, күрөшүп олтуруп, ал жердеги кыйынчылыктарды да жеңдик. 
Эл аябай ыраазы болуп калды. Жолдо коргоочусу бар жарандарыбыз кенен-кесири жүрүп калышты. Мекендештерибиз миграция мыйзамдары, өздөрүн бөтөн жерде алып жүрүү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен туура сүйлөшүүнү үйрөнө башташты. Мурун “кызыл күбөлүкчөн” адамды көргөндө коркушкан болсо, кийин “кечиресиз, мен аты-жөнүңүздү жазып алайын, күтө туруңуз, мен юристти чакырып келейин” деп жөнөгөндө эле, тиги “текшерүүчүлөр” өздөрү кача турган абалга жеткен.
Ошентип Жаныш Салиевичтин (мамлекеттик кызматта эмес, “Жусуп Бакиев” атындагы фонддун жетекчиси болчу) миграция боюнча коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп иштедим. Туура 1 жыл болгондо, 2008-жылдын сентябрь айында кайра мамлекеттик кызматка кеттим.
Жараткандын буйругу менен 2010-жылдын апрель айынан баштап ЮТС компаниясы дагы ишмердүүлүгүн токтотту. Поезд жолдо мыйзам бузуулар күчөп, абал начарлай баштады. Абалды көрүп, чыдай албай, ошол мезгилде укук коргоо органдарын тескеп турган Азимбек Бкназаровдун кабылдоосуна кирдим. Иштин чоо-жайын түшүндүрүп, долбоорду кайра ишке ашырууга мыйзам чегинде жардам берүүсүн сурандым. Жардам бере албады. 
2010-жылдын август айында досторумун чакыруусу менен Москва шаарына барып мекендештер менен болгон ишимди уланттым. “МУРАС-НАСЛЕДИЕ” коомдук бирикмесин ачып, мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жана алардын башын бириктирүүнү колго алдык. Башынан эле “Биз жарандарга документ жасоо ишине аралашпайбыз” деп максат койдук. Сыртта жүргөн жарандарыбыздын эң биринчи көйгөйү – дагы деле юридикалык коргоого муктаждыгы. Элчилик менен биргеликте өткөрүлгөн бир нече тегерек столдордо юристтердин жетишпестиги жөнүндө угуп, Элчиликке төмөндөгүдөй сунуш кылдык: “МУРАС-НАСЛЕДИЕ” коомдук бирикмеси бир юристти сунуштайт, айлык акысын, отурган столун, компьютерин, канцелярдык буюмдарынан бери камсыз кылып берет, ал эми Элчилик тараптан юристке Элчиликте иштегендиги тууралуу документ берилет. Элчи макул болуп, бир айдын ичинде биз сунуштаган юристке бир жумуш ордун камсыздап берди. Башында сүйлөшүлгөндөй, ал юрист түшкө чейин Элчиликте, түштөн кийин түздөн-түз “МУРАС-НАСЛЕДИЕ” коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгүн алып барып жүрдү. 3 айдан кийин Элчилик тараптан “бизде өзүбүздө жумуш көбөйүп кетти, юрист эртеден кечке Элчиликте олтурушу керек” деген жүйөөнүн үстүнөн талаш-тартыш чыкты. Акыры барып юристти жумуштан бошотууга туура келди. Азыр да юристтердин жетишпестиги - Элчиликтеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири.
2014-жылы, балдарым чоңоюп калгандыктан, аларды Кыргызстанда окутуу жана тарбиялоо максатында, Москвадан келе бердим.
Азыр дагы мекендештер менен иштөөнү колдон келишинче жүргузүп келем. 
Ооба, бүгүнкү мезгилде Адахан Кимсанбаевич менен иштешип атам. Адахан Мадумаров үчүн эмес, Кыргызстандын, өзүмдүн балдарымын келечеги үчүн аракет кылып жүрөм. Бул инсандын тазалыгын, бай тажрыйбасын, Кыргызстанга болгон түз ниетин жана көз-карашын колдойм.

Урматтоо менен, Медер Ысманалиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости