www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча көчмө жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ТЭЦке барып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Маалыматка караганда, 25-декабрь күнү ТЭЦтеги насостук станцияда суу түтүгү жарылып кеткен.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, кызматкерлердин ыкчам аракетинен улам объектидеги авариялык абал жөнгө салынган.

«Борбордун тургундары үчүн жылуулук энергиясын берүү токтотулган жок. Насостук станциянын иши ыкчам калыбына келтирилген», - деп энергетика министри Доскул Бекмырзаев билдирген.

Акылбек Жапаров мындай окуяларга жол бербөө үчүн өзгөчө түнкүсүн күзөттөгү кызматкерлердин санын көбөйтүү зарылдыгын айткан.

«Бул жолу компаниянын кызматкерлеринин аракети менен кырдаалды тез арада турукташтырууга мүмкүн болду. Жабдуулар эскирген, аны жаңыртууга убакыт келди», - деген Жапаров.

Өкмөт башчы ошондой эле 2022-жылдын апрель айына чейин жаңылатууга муктаж болгон жабдуулардын тизмесин даярдоону тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости