www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлорун киргизгенин билдирди. 28-октябрда парламент алдында өкмөт башчы катары расмий ант бергенден кийин Жапаров кыскача сөз сүйлөп, депутаттарга “оор абалда кезексиз жыйындарга чогулуп, өкмөттү бекитип бергени үчүн” ыраазычылыгын билдирип, ошол мыйзамдарды тезирээк кабыл алып берүүнү өтүндү.

“Сиздерге кезексиз кароого экономикалык мыйзамдар киргизилди. Ошолорду карап, бүгүн бүтүрүп беришиңиздерди суранып кетет элем. Чоң жардам берген болосуздар бизге”, – деди.

Кайсы мыйзамдар тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Жапаров ошондой эле парламентте ант берген жетекчилерге кайрылып, аларды “абал тез арада турукташып кетишине, бир кишинин кызыкчылыгы эмес, жалпы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн конституциялык реформа жасоого жардам берүүгө” чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости