www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия, Пакистан жана Непалдан келген студенттерге виза берүүнү монополия кылып алган Фани деген жигит бар экен, деди депутат Жанар Акаев 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Кыргызстанда атактуу чоңдордун баары менен жакшымын деп, сүрөттөрүн көрсөтөт экен дайыма. Тышкы иштер министрлиги менен байланышып, башкаларга визанын баарын «отказ» кылдырып, өзүнө ылайыктууларга гана виза алып берип жатыптыр. Жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин баары билет. Буга бир көзөмөл кылып койсоңуз», - деп кайрылды ал Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго.

Акылбек Жапаров визаны УКМК менен ТИМ берерин айтты.

«Сизди алар угуп жатышат. Мен бүгүн «запрос» кылдырам: кантип чет элдин жараны аларга «указание» берет экенин», - деди ал.

Акылбек Жапаров студенттерди эми эл аралык аккредитациядан өткөн ЖОЖдор гана кабыл алары боюнча жаңы токтом чыкканын билдирди.

«Бизден айрым окуу жайларды бүтүп барган студентт-медиктердин дипломун айрым мамлекеттер жаратпай жаткан экен. Мындай трагедия болбош үчүн биз эл аралык аттестация талабын киргиздик», - деди Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости