www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабад шаарында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат телеграммада.

Последние новости