www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мамлекеттик казынасында абал начар. Бул тууралуу 23-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Инвестициялык кеңеште сүйлөп жатып билдирди:

«Бюджеттин тартыштыгы 28 миллиард сом менен кабыл алынган, бирок мага келген маалыматка караганда, реалдуу картина андан да начар. Жакын арада бюджетибиз боюнча реалдуу жана чыныгы маалыматтарды ачыкка чыгарабыз. Ачык айтсам, жагдайыбыз жакшы эмес».

Белгилей кетсек, Финансы министрлиги бюджеттин тартыштыгы 34 миллиард сомго чыгарын божомолдоп жатканын буга чейин маалымдаган.

Ушу тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө.

Ошондой эле жыйынга катышкан бизнес-акыйкатчы Роберт Орд-Смит соңку жети ай кыргызстандык ишкерлер үчүн өтө оор болуп жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости