www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети Бишкектин кирешесин кантип көбөйтүүнү карап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, борбордо ысык суу муздак сууга караганда арзан. Араванда 1 куб таза суунун баасы 38 сом болсо, Бишкекте болгону 7-9 сом.

"Шаар өлкөнүн экономикалык өсүүсүнүн кыймылдаткычы болушу керек. Бул боюнча шаарга жардам берүүгө даярбыз. Быйыл 15 мектеп, бир бала бакча курдук. Эмки жылы дагы бир маселени чечүүгө даярбыз. Россиянын өнүгүү тарыхына көз чаптырсак, экономикалык эң кыйын жылдарда Москва дотацияланган аймак болгон эмес, тескерисинче, Россиянын Финансы министрлигинин кассалык боштугун жапкан. Бишкек шаары ушундай деңгээлге жетиши керек, — деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости