www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Конституциянын долбоору иштелип жатканда Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев төрт жолу жолугуп сүйлөшкөн. Бул тууралуу Садыр Жапаров телеканалдардын бирине берген маегинде айтты.

«Маңдай-тескей отуруп Өмүрбек Текебаев менен төрт жолу сүйлөштүк. Биз башында эки жолу жолугалы дедик, андан кийин эки жолу өзү суранып кабинетиме чейин келди. Үйүнөн жана башка жерден дагы жолуктук. Конституциянын долбоору тууралуу айтып бердик, жакшынакай эле түшүнүп турат. Бул 2010-жылы даярдалган долбоор билесиз, сиз дагы алымча-кошумчаңызды кошуңуз деп айтсак, макул деп чыгып эле эртең менен тескери сүйлөй берет экен же микрофонго жеткенде эле от алып кетеби билбейм.

Мен Мадумаровдон башка бардык саясатчылар менен сүйлөштүм», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости