www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаровду сүйгөндөр жер жайнап, жаздын күнкү кызгалдактай жайнай башташты. Ошолордун бири Жапаров Акылбек. Эми мунун бейнесин ачып көрөлү. Акаев президент кезинде чөгөлөп жата калып, бутун кучактап ыйлап жиберчү. СДПК партиясынын штабын жетектеп, партиядан депутат болор менен, бул партияны ыргытып, кызы төрөлсө Акаевдин кызы Саадаттын атын коюп, Үзөңгү-Куушту Акавдин көрсөтмөсү менен Кытайга беришип байлык топтогон.

Бакиев президент кезинде “Жаңы Кыргызстан” партиясы менен “Ак Жолго” өтүп финансы министри, экономика министри, биринчи вице-премьер болуп телевизорго чыга калып “Ваше Высокопревосходительство” деп жалпы элдин алдында бутун кучактап, өпкөнү менен, Таласка барып эл толкуса, жанындагы ал кездеги ИИМ министри Молдомуса Конгантиевди талоонго салып, өзү качып жок болгон.  Отунбаева президент кезинде Жапаровду жакын жолоткон жок. Атамбаев президент кезинде Куловдун “Ар-Намысына” өтүп  кайрадан экинчи жолу финансы министри, 2015-жылы “Бир болго” өтүп депутат. Сооронбай Жээнбековдун учурунда куда боло койом деп жанталашып жүрчү. “Мекеним Кыргызстан” партиясына кире койом деп буту тайып кеткен.

Эми Жапаров президенттин милдетин аткаруучу Жапаровдун кеңешчиси, эң башкы биринчи милдети иниси Жапаровду “ГСИНдин” жетекчилигине алып барды. Башкалар айтса айта берсин Акылбек Жапаровдун парламентке жана массалык маалымат каражаттарына президенттин командасынанмын деп расмий түрдө чыгып сүйлөгөнгө укугу жок сыяктуу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости