www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы кризиске жана Москва менен Токионун ортосундагы мамиленин начарлашына карабастан, Жапония аймактык маселени чечүү жана Орусия менен тынчтыкка келүү багытын уланта берет, деп билдирди Жапониянын премьер-министри Фумио Кишида. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
«Украинадагы кырдаалдан улам жапон-орус мамилелери оор абалда, бирок биздин өлкө аймактык көйгөйдү чечүүгө жана тынчтык келишимин түзүүгө багытталган саясатты карманат», - деди Кишида өлкөнүн төмөнкү палатасынын жыйынында.
Эске салсак, 26-сентябрда Приморск крайында ФСБ кызматкерлери жапон консулу Мотоки Тацунорини пара менен кармашкан. Ал Орусиянын Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү мамлекеттердин бири менен кызматташтыгы жана Батыштын санкциялык саясатынын Приморск крайындагы экономикалык кырдаалга тийгизген таасири тууралуу чектелген маалыматтар үчүн акча алууга аракет кылганы кабарланган. Бирок көп өтпөй дипломат мекенине кайтып келери белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg