www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга каршы салынган сакциялар Батыш өлкөлөрүнө бумеранг болуп тийип жатат. Бул туурасында япониялык Asahi кеп кылганын РИА Новости билдирди.

Антироссиялык санкциялар энергетиканын жана башка товарлардын баасынын кескин өсүшүнө алып келип, бул Батыш өлкөлөрүнө инфляция түрүндө кайтып барганын жазышкан.

"Орусия — АКШ менен катар турган ири державалардын бири, ал зарыл болгон нерселер менен өзүн-өзү камсыздай алат. Андыктан антироссиялык санкциялар бул өлкөгө ошол замат кесепетин тийгизет деш кыйын", — деп басылма "Марубэни" экономикалык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Хирохиро Эномотонун айтканын жазган.

Ошондой эле, Европа Орусияга газы экспорттолгон эң ири багыт экени жана бул өлкөнүн көгүлтүр отуна көз карандылыктан жакында кутула албастыгы айтылган. Европалык мамлекеттер РФке газ үчүн эбегейсиз акча төлөп берип, орус акчасын — рублди бекемдеп жатканын белгилешкен. Макалада "эң кызыгы, алардан келген акча россиялык экономиканы бекемдеп, албетте, кайра эле Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операцияга жумшалып жаткандыгында" экени белгиленген.

"Азыр дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки эң ири бурулуш учур", — деп жыйынтыкталган "Асахидеги" макала.

Белгилей кетсек, буга чейин хорватиялык Advance басылмасы да Батыштын россиялык экономиканы алсыратабыз деген санкциялары өзүнө тийип жатканын жазган жана европалык өлкөлөр Вашингтондун талаптарына баш ийип калып, баарынын көп жапа чеккени айтылган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Евробиримдик буга чейин санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алган. Анда Батыш көмүр менен мунайдын импортунан акырындык менен баш тартууну көздөйт. Анткен менен ал тарапта жеткирүү системасынын үзгүлтүккө учурашы күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнө алып келди. Бул нерсе Америка менен Европаны экономикалык каатчылыкка кептеди.

Путин санкциялар Орусиянын экономикасын чөгөлөтүү Батыштын узак мөөнөттүү саясаты экендигин, анткен менен бул кадамдар дүйнөлүк экономикага болуп көрбөгөндөй сокку ургандыгын айткан.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости