www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги жана Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен 9-март күнү аз камсыз болгон жарандарга жардам берүүгө багытталган келишимге кол койду.

Кол коюлган келишимдин алкагында Кыргызстандын Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында жашаган тургундарына инфратүзүмдөр камсыз кылынып, ун, өсүмдүк майы ж.б. азыктарды берилет, жарандардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу аркылуу жакырчылыктан чыгууга жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле “Социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү” программасынын катышуучуларын окутууга 3,5 млн доллар бөлүнөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, буга чейин Жапония өкмөтүнүн колдоосу менен Баткен облусунда өрүк майын өндүрүүчү, Нарын облусунда дары чөптөрдү кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, кошумча жумуш орундарын түзүлгөн.

Мекеменин маалыматында, соңку 1,5 жылдын ичинде аталган долбоорго жакыр жана колу жука 13 миңге жакын үй-бүлөгө тартылды. Алардын басымдуу бөлүгү (71%) каражатты айыл чарба багытында иш баштоого жумшады.

Аталган министрлик буга чейин "Социалдык келишимдин" негизинде ишкерлигин мыкты жүргүзгөн үй-бүлөлөргө 200 миң сомго чейин үстөк пайызсыз насыялар берилерин билдирген.

Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып ишке ашырылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости