www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сыймык Жапыкеевдин Чынгыз Айтматовду сынга алып, "чыгармалары эргүү бербеген, беш тыйынга татыбай" турганын билдирип акыл айтканы коомчулукта катуу талкуу жаратты. Көптөр Сыймыктын "терисин тескери сыйрыган" жек көрүүлөрүн жазышты.
Өкүнүчтүүсү жаман жайын айтам деп баарын айтат болуп, Жапыкеев өзүнүн айыбын өзү ачып, Айтматовдун чыгармаларын окубаганын, киносун гана көргөнүн дөөрүдү. Мындай окубасам дагы оюмду айтып коёюн деген ниглисттин деңгээли Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын талдаганга жетпейт.
Чынында окуган күндө дагы аны түшүнүп, маани-мазымунун, айтылган ойду, берилген идеяны сиңириш үчүн мээ, акыл, билим дарамет керек. Андайдан куружалак калган Жапыкеев анан кантип Айтматовду баалай алмак эле. Дал ушул Жапыкеевге окшогондордун "маңкурттугун" Айтматов 20-кылымда эле жазып кеткенин түшүнбөйт да тилекке каршы.
Маңкуртта улуттук баалуулук, ыйыктык деген түшүнүк жашабайт эмеспи. Аны Жапыкеевдин мисалынан так, таамай көрүп жатабыз. Өсөр эл өзүн сыйлайт, өчөр эл өзүн өгөйлөйт. Атагы ааламга кеткен Айтматовго асылганы "жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл" дегендей болду. Бирок анын бул жосунсуз жоругу пилге кандектин үргөнүндөй болду.