www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар кыйынбыз. Биз үчүн эч ким, эч нерсе ыйык эмес! Кааласак, дүйнө тааныган, кыргызды дүйнөгө тааныткан Айтматовду деле, кааласак, көп өлкөлөр тааныган “Манасты” деле ашатып сала беребиз. Кечээ жакында Жапыкеев деген неменин Айтматов жөнүндө айтканынан улам 1986-жылы, мен студент кезде өзүм күбө болгон бир окуя жана уккан бир окуя эске түштү.

Горбачев бийликке келгенден кийин СССР менен АКШнын ортосундагы мамиледе жылуулук пайда болуп, саясий байланыштардан тышкары маданий байланыштар да орной баштаган. Андан улам эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы телекөпүрөлөр уюштурула баштады. Анын ичинен 1986-жылы «Ленинград – Сиэтл» телекөпүрөсү кыргыздар үчүн өзгөчө орчундуу окуя болуп калды. Тилекке каршы, ал учурда биздеги бийлик жана коомчулук тарабынан бул окуяга жакшы көңүл бурулган жок. 

Аталган телекөпүрөдө “Катардагы  жарандардын жогорудагы жолугушуулары” форматында болуп, согуш, саясат жана тиричилик турмушка чейинки маселелер талкууланган. СССРден кадимки Владимира Познер, АКШдан Фил Донахью алып баруучулар (азыркыча айтканда – модераторлор) болушту. 

Бир убакта Донахью советтик аудиторияга: 

- Кайсы америкалык жазуучуларды билесиздер? – деген суроону берди.

Советтик адамдар эң окумал эмес беле. Джек Лондон, Марк Твенден баштап Курт Воннегутка чейин бир тобун санап жиберишти. 

Андан кийин Познер америкалык аудиториядан:

- Кайсы россиялык жазуучуларды билесиздер? - деп сурады. 

Дароо айта кетсек, ал убакта АКШ менен батышта “советтик” дегенди дээрлик “россиялык” деп түшүнүшчү.  Аудиториянын жообунан улам да мен америкалыктардын “Россия” менен “СССРди” айырмалай албай турганын түшүндүм.

- Толстой, Достоевский, - деп барып эле америкалыктар токтолуп калышты. 

Познер тактоочу суроону берди:

- Азыркы заманбап жазуучуларданчы? 

Америкалык аудиторияда жымжырттык өкүм сүрүп, жооп жок туруп калышты. Бир убакта арасынан бир аял колун көтөрө калып, жооп тапканына сүйүнгөндөй: 

- Айтматов! – деп үнүн катуу чыгарып айтты. 

Мына ошондо телевизордон ушул телекөпүрөнү көрүп отурган биз сүйүнгөнүбүздөн кыйкырып, кол чаап жибердик. 

Ушул окуяга акыл пештеп көргүлөчү! Ошол кезде Россияны айтпаганда да, Советтер Союзунда Нобель сыйлыгын алган Михаил Шолоховдон баштап не деген залкар жазуучулар болушкан. Бирок, америкалык аудитория алардын бирин да атай албай жатпайбы! Арасынан жылдыздай болуп биздин Айтматовубуздун аты аталганы кандай сыймык! 

Баса, кеп кезеги келгенде айта кетсек, кийин ылакап болуп калган “СССРде секс жок” деген аялдын сөзү да ушундай телекөпүрөлөрдүн биринде (Ленинград – Бостон) айтылган. 

Экинчи мисалды кыргыз журналистикасынын патриархтарынын бири Эсенбай Нурушев агабыз айтып берген.

Ошол өткөн кылымдын 80-жылдары советтик жазуучулардын тобунда Индияга бара жатышкан экен. Анан Индиянын чек ара постунан өтүп жатканда чек арачы булардын паспортторун карап жатып, өзбекстандык жарандыкын окуп алып: “Оо, Ташкент!” – деп баш бармагын көрсөтүп коюптур. Казактыкын карап: “Оо, Алма-Ата!” деп кайрадан ошентиптир. 

Анан Нурушевдикин карап алып: “Киргизия” дегенди окуп түшүнө албай туруп калыптыр. Эсекем эптеп эстетейин деп: “Фрунзе” десе да түшүнө албайт экен.

Анан оюма келе калып: 

- Айтматов”, - десем, тигил индус дароо эле: 

- Оо, “Жамийла!”—деп, жылмайып паспортума штамп басып берди, - дейт. 

Көрдүңөрбү, Кыргызстанды билбеген индус чек арачы Чыңгызыбызды, кечээ Фейсбукта Мыктыбек Арстанбек жамандап жаткан “Жамийланы”  таанып, мактап жатпайбы! 

Мен Айтматовдун кыргыздардын атын дүйнөгө таанытканы боюнча эки эле фактыны келтирдим. Мен билгенден дагы бир нечеси бар.

Макала белгилүү журналист Мырзакат Тыналиевге таандык

Последние новости