www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, аппарат жетекчиси жана төрт райондун акими көчөгө чыгып, шаардын айымдарын келе жаткан майрамы менен  куттуктап, аларга гүлдөрдү тартуулашты.

Бул күтүүсүз жана жүрөк жылыткан белек кадимки күндү чакан майрамга айлантты. Көчөдөн өтүп бара жаткан кыздарга, айымдарга, энелерге   гүлдөр тапшырылып, алар менен кошо ыраазычылык сөздөрү жана жылуу куттуктоолор айтылды. Көптөгөн бишкектик айымдар үчүн бул жагымдуу сюрприз болду, жүздөрүндө жылмаюу пайда болуп, айрымдары токтоп, ыраазычылык билдирип, эстелик сүрөткө түшүштү.

Мындай жөнөкөй, бирок чын жүрөктөн чыккан көз ирмемдер чыныгы жазгы маанай тартуулап, жашоону  мээримдүү жана жарык кылып жаткан аялзатына болгон көңүл буруу, урматтоо жана ыраазычылык экенин эске салат.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык айымдарды келе жаткан 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, үй-бүлөлүк жылуулук жана ийгиликтерди каалайт. Ар бир үйдө сүйүү жана ынтымак өкүм сүрүп, жазгы маанай сиздерди бул майрамда гана эмес, күн сайын коштоп жүрсүн.

Последние новости