www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Нурдин Довлетов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасында жайгашкан мөмө-жемиш сактоочу кампасынын иши менен таанышты.
Аталган кампа муниципалдык менчиктеги жер тилкесинде курулган. Логистикалык борбор 2024-жылы CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун кошумча каржылоосу аркылуу ишке ашырылган.
Долбоордун каржылоо булактары төмөнкүчө:
CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору – 6 644 663 сом
Жергиликтүү бюджет – 104 000 сом
Долбоордун жалпы сметалык баасы – 6 748 663 сом
Мөмө-жемиш сактоочу кампанын курулуш аянты 20 м х 13,9 м түзөт. Кампа төрт бөлүккө бөлүнгөн жана ар бир бөлүгүндө 50 тоннадан мөмө-жемиш сактоого мүмкүн. Жалпы сактоо мүмкүнчүлүгү 200 тоннаны түзөт.
Курулуш иштери 2024-жылдын 26-апрелинде “Прогресс+С” ЖЧКсы тарабынан башталып, учурда толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берүүгө даяр. Кампа негизинен айыл чарба продукцияларын сактоого ылайыкташкан. Анда пияз, сабиз, капуста, болгар калемпири сыяктуу жашылчалар, ошондой эле алма жана курма сыяктуу мөмөлөр сакталат.
Сапардын жүрүшүндө Нурдин Довлетов долбоор тууралуу маалыматтарды угуп, жергиликтүү тургундардын жана ишкерлердин сунуш-пикирлерин кабыл алып, көтөрүлгөн маселелерди министрликтин жетекчилигине жеткирерин белгиледи.
Белгилей кетсек, бул ишкер кошумча түрдө күнөскана иштетип, органикалык жашылча жана мөмө-жемиш өстүрүү менен да алектенет.
Дареги: Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Сайдыкум айыл өкмөтү, Жаш-Ленин айылы, Айгыр-Жал участогу.