www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн аймактарына жасалып жаткан аба соккуларынын уланып жатышына жана кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине эвакуациялоо боюнча бир катар чараларды көрүлүүдө.
Күн сайын Кыргыз Республикасынын жарандары ар кандай авиакаттамдар аркылуу Кыргызстанга кайтып келишүүдө. Ошондой эле 2026-жылдын 6-мартында болжол менен 200гө жакын Кыргыз Республикасынын жаранынын келиши күтүлүүдө.
Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата 700гө жакын Кыргыз Республикасынын жараны Кыргызстанга кайтып келди. Анын ичинде өлкө башчысынын тапшырмасынын негизинде уюштурулган Оман Султанатынан эки эвакуациялык авиакаттам аркылуу алып келинген жарандар да бар.
Ошол эле учурда азыркы тапта Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү абал татаал жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болбой калууда. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөлөргө баруудан карманууну сунуштайт.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда төмөндө көрсөтүлгөн байланыш номерлерине кайрылууну сунаштайт.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп турат жана жарандарды сабырдуулук сактоого, коопсуздук талаптарын так аткарууга чакырат.