www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада алдамчылыкка шектелген туристтик компаниянын директору кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына О.Н. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, «MIRELLE & COMPANY» ЖЧКсынын директору М.К.га карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, компаниянын директору туристтик тур уюштуруу үчүн акча каражатын алган, бирок өзүнө алган милдеттенмелерин аткарган эмес.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө алдындагы текшерүүнүн жыйынтыгында жаран К.М. ишенимден кыянаттык менен пайдаланып, 307 миң 500 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, жабырлануучуга олуттуу материалдык зыян келтиргени аныкталган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Бишкек шаарынын ИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын, анын ичинде социалдык тармактарды мониторинг кылуунун натыйжасында М.К. аттуу жаран аныкталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, М.К. Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле бул иш боюнча башка мүмкүн болгон жабырлануучуларды аныктоо максатында ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарга кайрылат:

Эгерде сиз дагы аталган жарандан жабыркаган болсоңуз же бул факты боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБне кайрылууңуздарды же 102 номуруна билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматы

 

Последние новости