www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Дохадан Сауд Араб королдугуна жолго чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Бардыгы 134 жаран. Алар автобустар менен Эр-Риядга келип, ал жактан Бишкекке учушат. 

Уюштуруу, чек аралардан жарандарды алып өтүүнү сүйлөшүү иштери менен бул өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз, Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө. 

Дохадан чыккан жарандар Эр-Рияддан учак менен Кыргызстанга 8-март кечинде келери күтүлүүдө.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү акыркы кырдаалдан улам ал жакта калып кеткен жарандарыбызды Кыргызстанга алып келүү тапшырмасын берген.

Буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан атайын эки рейс учак менен 260 кыргызстандык мекенине алынып келген.

 

Последние новости