www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурдагы базарда баардык азык-түлүк, жер-жемиштердин баары кымбаттады. Бул карапайым калктын жашоосун бир топ кыйындатты. Буга кайдыгер карабаган жаран Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«Садыр Жапаров сизге кайрылуум бар эле. Мен көлдүн кызы, көлдүн келинимин 2012 жыл үй-бүлөбүздө өзгөчө бала төрөлүп 2012 жылдын май айынан бери Бишкек шаарында жашайбыз. 9 жылдан бери квартирадан батирге көчүп үй алууга же жер тилкесин алууга каражатыбыз жетпейт, анткени уулубуз төрөлгөнү баланы бутуна тургузабыз деп баардыгын сатканбыз. Азыркы көйгөй баардыгы кымбатап кыйын болуп баштады күндө балам банан жейт бир ай мурун 85 сомдон алчуу элем аздан кошулуп отуруп 145 сомго жетти.

Орто эсеп менен бир үй-бүлөнүн айлыгы 12минден 15мин сомго чейин ал акчаны мисалы көп балалуу үй-бүлө, батирде жашаган үй-бүлөгө жетпей кыйын болуп жатат, бир жагына тартса бир жагына жетпейт.

Май (cуумай) 1лт 90 сом болсо азыр 150 сом

Кумшекер 40 сом болсо мурун азыр 70сом

Ун 1кг 30 сом болсо мурун азыр 45 сом

Банан 85сом болсо мурун азыр 145 сом 

Эт 300сом болсо мурун азыр 430сом

Картошка 18сом болсо мурун азыр 28 сом

Жана башка нерселер да кымбатады. Энеге көңүл бурбайсыздар! Бир калыбына келтирип койсоңуздар жакшы болот эле, карапайым элди кыйнабай», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости