www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ракеталар Израил менен палестиналык "Исламдык жихад" тобунун ортосунда ок атышпоо келишими 7-августта күчүнө киргенден бир нече мүнөт өткөндөн кийин Израилдин түштүгүнө атылган. Бул тууралуу The Jerusalem Post жазды.

Басылманын маалыматына караганда, жекшемби күнү кечинде Газа чек арасына жакын жердеги израилдик жамааттарга ракеталар атылып, ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенден 8 мүнөттөн кийин эле бузулган.

Бул аралыкта Палестинанын "Исламдык Жихадынын" баш катчысы Зияд ан-Нахале эгер мамлекет "Ислам Жихадынын" туткундарын бошотуу талабын аткарбаса, Израил менен согуштук аракеттер улана турганын эскертти.

Зияд ан-Нахале ок атышпоо келишими күчүнө киргенден кийин сүйлөгөн сөзүндө: «Эгер душман Египеттин ортомчусу аркылуу макулдашканыбызга баш ийбесе, кайрадан согуштук аракеттерди баштайбыз», - деди.

Кыймылдын лидери Израил ок атышпоо келишиминин ордуна эки командири Халил аль-Авад менен Бассам ал-Саадини түрмөдөн бошотууга макул болгонун билдирди.

Ал ошондой эле Израиль «ок атууну токтотууга чечкиндүү умтулуп жаткандыгын» белгиледи.

Белгилей кетсек, элдешүү 5-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:30да күчүнө кирген, бирок көп өтпөй Газадан Израилди көздөй ракета учурулганы тууралуу кабарлар тараган.

Израил тарап да буга чейин эгер элдешүү "Ислам жихады" тарабынан бузулса, Газа тилкесине жооп иретинде сокку ураарын эскерткен.

"Эгер ок атышпоо келишими бузулса, Израил мамлекети күч менен жооп берүү укугун өзүнө калтырат", - деди Израилдин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лиор Хаят.

6-августта Израил армиясы Газа тилкесинде палестиналык “Ислам жихады” тобуна каршы “Таңкы” операциясын баштаган. Израиль согушчандардын бир нече командирлерин жок кылган. Израилдин аскердик башчысы операциянын жүрүшүндө ал жүктөлгөн милдеттердин негизги бөлүгүн аткарганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости